АКШнын Улуттук демократиялык институту КТРК менен кызматташтыгын токтотту

АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү (NDI) 14-январда мамлекеттик КТРК телеканалы менен кызматташтыгын токотуп жатканын кабарлады.

Буга президентикке талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн КТРКда өткөн дебаттары себеп болгон. Уюмдун пикиринде, телеканал дебаттардын сапатына, бейтараптуулугуна жана ачык-айкын өтүшүнө таасир эткен бузууларга жол берген.

Катта уюмдун Кыргызстандагы директору Дорарта Хюсени Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабековага дагы кайрылган. Анын айтымында, уюм БШК жана башка ЖМКлар менен «эркин, демократиялык саясий дебаттарды» өткөрүүдө кызматташтыкка үмүттөнөт.

NDI демократиялык процесстерди колдоо долбоорунун алкагында парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда теледебаттарды колдоого алып келген.

КТРКнын көз карашы

КТРКнын баш мүдүрү Бахтияр Алиев Kaktus.media басылмасына курган маегинде Улуттук демократиялык институттун чечимине комментарий берди. Билдирүүсүндө Алиев уюмдун дооматына макул эместигин айткан.

Анын айтымында, саясий теледебаттарды өндүрүү кызматташтыгы боюнча меморандумга уюм менен ноябрда түзүлгөн. Ага ылайык, NDI дебаттардын үстүндө иштеген телеканалдын 40 кызматкеринин гонорары үчүн 6 миң доллар бөлгөн.

Алиевдин пикиринде, NDI дебаттарды даярдоо процессине кийлигишип, келишимдин шарттарын бузган.

«Иштин жүрүшүндө NDI суроолорду түзүүгө кийлигише баштаган. Мисалы, талапкерлердин бири дебатка келбей калган учурда, жалпы көрүнүштү бузуп жаткан бош калган трибунаны алып салууну чечкенбиз. Бирок NDI бош трибунанын калтыргыла деп туруп алды. Андан тышкары, спикерлерге консультация берүү үчүн адистерин жөнөтүп жатты. Айрым спикерлерге бул жаккан жок», — деди КТРКнын директору.

Ал келишим токтотулгандан кийин телеканал ошол бойдон келишим боюнча каралган гонорарын албай калгандагын дагы кошумчалады.

Мындан тышкары, Алиев алып баруучулар талапкерлерге алдын ала даярдалган суроолорду берген деген айыптоолорго да макул эместигин айтты.

«Эмне себептен биз кимдир бирөөгө ыңгайлуу суроолорду беришибиз керек эле? Максатыбыз спикерлерди ачып берүү эле, ал колубуздан келди», – деди ал.

Башкы директордун айтымында, укук коргоо органдары телеканалдын кызматкерлерине кысым көрсөткөн эмес. Анын ичинде Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн тоюнда тартылган Садыр Жапаровдун сүрөтүн ири план менен көрсөткөн операторлорго дагы эч ким басым кылган эмес.

Талапкерлердин кайрылуусу

6-январда өткөн теледебаттардын эфиринен кийин президенттикке талапкерлер Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Абдил Сегизбаев жана Клара Сооронкулова коомдук каналдын жетекчилигине жана АКШнын Улуттук демократиялык институтуна кайрылууу жолдошкон.

Алар 6-январда КТРК каналында болуп өткөн дебат учурундагы бузууларга көңүл бурууну жана мурдагы алып баруучуларды, Алмаз Касымалиев менен Светлана Акматалиеваны кайтарууну өтүнүшкөн.

Президенттикке талапкерлер теледебаттардын алып баруучулары Амантур Шергазиев менен Зарина Үмөталиева компетенттиги жок жана адискөй эмес экендиктерин көрсөтүшкөнүн белгилешкен.

Алардын пикиринде, алып баруучулар өздөрүнүн бир жактуулугун жашырбай, бардык катышуучуларга бирдей маалыматтык мүмкүнчүлүк берген эмес.

«Алып баруучулар алдын ала талапкерлердин жоопторун билип туруп, бир нече жолу өз көз караштарын билдиришти, шайлоочулардын эркин тандоосуна таасир берүү ниетин жашырышкан жок. [...] Бул учурда, алып баруучулардын бир жактуу суроолору жана берилген убакытты кыскартуу максатында талапкерлердин жоопторун атайын этибарга албаганы дебаттардын катышуучулары тарабынан гана эмес, соцтармактарда нааразылыгын билдиришкен шайлоочулар тарабынан да белгиленген», — деп айтылат кайрылууда.

Талапкерлер телеканалдын жетекчилигин жоопко тартууну суранышкан. Алар теледебаттарды демократиялык шайлоолорду уюуштуруунун принциптерине тийиш талаптарды сактоо менен өткөрүүнү дагы талап кылышкан.

Буга чейин БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык топ болуп өткөн дебат жана андагы алып баруучулардын сүйлөгөн сөздөрү боюнча иштин материалдарын карап чыгарын билдирген.

Дебатта эмне болду эле?

КТРК телеканалында президенттикке талапкерлер катышкан дебаттын экинчи туру өткөн. Экинчи турдун биринчи дебатына Садыр Жапаров катышышы керек болчу, бирок ал дебатта жалаң «ушак териштирилет» деп айтып ага катышпай турганын билдирген. Анын ордуна талапкер аймактарда эл менен жолугушкан пайдалуу деп чечкен..

Ошентип дебатка болгону беш талапкер катышкан: Канат Исаев, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров. Алар мамканалдын алып баруучулары бийликке «ыңгайлуу жана алдын ала даярдалган» суроолорду узатып жатышат деп билдиришкен.

Талапкерлер учурда башкаруу формасын же парламенттин катачылыктарын талкуулоодон көрө башка маанилүү көйгөйлөрдү сүйлөшүү керек деп айтышкан.

Ага карабай алып баруучулар парламентаризмге каршы келүүчү жана бийликтин кызыкчылыктарын коргоочу кыйытма суроолорду берүүнү улантышкан.

Мамлекетик телеканал соцтармактарда да сын-пикирге кабылган. Көөрүүчүлөр алып баруучулар дебатты калыссыз жана начар деңгээлде өткөргөн деп айыпташкан.