Башкы прокуратура Жапаровдун тарапташына кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура активист Бакай Кашкарбаевге прокуратура жана сот кызматкерлерин коркутту деген факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Ага ылайык, 15-17-ноябрда Кашкарбаев өзүнүн фейсбуктагы барагына судьяларга жана прокуратура кызматкерлерине карата зомбулукка чакырган видео жарыялаган.

«2020-жылдын 15-ноябрында Бакай Кашкарбаев белгисиз адамдардын тобу менен Чолпон-Ата шаарында туруп Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүм башчысын, облус прокурорун опузалаган видео кайрылуу жасаган. Активист элди түп көтөрүлүп чыгууга чакырып, «талкалоо», «көзүн чукуу», «тишин күбүп салуу» сыяктуу зомбулук аракеттерге үндөгөн» , — деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

* Бакай Кашкарбаев өзүн Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы деп атап келет. Октябрда Кашкарбаев көз жашын төгүп, Садыр Жапаровго кайрылып, өзүн кеңешчи кылып дайындоону суранган видео тараган. Ал саясатчыны колдогон митингдерге катышып, Жапаровду сындаган материалдарга ачуулуу комментарийлерин жазып жүргөн.

16-ноябрда Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына жулунуп кирип, судьялар менен сөз талашып, Жумаев аттуу судья менен жолуктурууну талап кылган видеосун жарыялаган.

Активисттин «баскынчылыгы» ушуну менен токтогон эмес. 17-ноябрда ал тарапташтары менен Каракол шаардык сотуна жулунуп кирген. Анда дагы сот органынын кызматкерлерин коркутуп-үркүткөн.

«Ал сөз кайрылуусунда Ысык-Көл облустук сотунун судьясын жана облус прокуратурасынын бөлүм башчысын ачык эле опузалоого өткөн», – дейт прокуратура.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук» беренеси боюнча катталган. Ушул тапта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.