Чүй: Новопокровкада жол тескөөчүлөр унаада төрөт кабыл алышты

Сүрөт: «Акипресс»

Чүй облусунун Новопокровка айылында жол тескөөчүлөр унаада төрөт кабыл алышты. Бул тууралуу 18-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы «Акипресске» билдирди.

Төрөт кабыл алган прапорщик Качыгулов жана старшина Кусеинов 15-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы стационардык постто кызмат өтөп жатышкан. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында аларга айдоочулардын бири чуркап келип, жардам сураган.

Ал жубайын төрөт үйүнө алып бара жаткан учурда төрөтү башталып калганын айткан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери төрөттү унаада кабыл алууну чечишкен. Ымыркай жарыкка келгенден кийин кызматтык унаалары менен эне-баланы ооруканага жеткиришкен. Ал эми аял ымыркайы менен төрөт үйүнөн чыгарылганда инспекторлор үй-бүлөнү куттуктап барышкан.