УКМК «Нават» ресторандарынын тең негиздөөчүсүн арам акчаларды адалдоого шектеп кармады

УКМКнын басма сөз кызматы «Чайкана Нават» ресторандар түйүнүнүн финансылык директору жана аталган ресторанды түзгөндөрдүн бири Сергей Острецов кармалганын кабарлаган.

Острецов «мыйзамсыз банк ишмердүүлүгүн» жүргүзүүгө жана салык төлөөдөн качууга шектелип жатат. Буга чейин ЖМКда Острецовдун бизнесин тартып алуу үчүн аны кармоо уюштурулган деген маалымат жарыяланган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, кармалган адам кылмыш жолу менен түшкөн кирешени күрөөканалар түйүнү аркылуу адалдап келген. Ошондой эле, тергөөчүлөр ишкер 2009-жылдан ушул күнгө чейин ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөй келгенин божомолдошууда.

Ушул тапта УКМК аты-жөнүн коомчулукка жарыялабаган адамдардын тобу күрөөканалар аркылуу каражаттарын адалдаштыргандыгы боюнча тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянып Острецовдун кармалганын билдирген. Алардын айтымында, ишкер бир ай мурда кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

«Ага ишкерликке таптакыр туура келбей турган беренени илип жатышат – кылмыш жолу менен алынган каражаттарды адалдоо. Бул берене менен адатта чиновниктер кармалат. Ишкерди ушундай жол менен кармоо аркылуу, кимдир бирөө Острецовдун компаниясынан үлүшкө ээ болууга аракет кылышы мүмкүн деген шектенүү бар», – деген маалымат агенттигинин булагы.

Ресторандар түйүнү бизнесмендин кармалганын басылмага тастыктаган, бирок кармоонун себеби тууралуу эч кандай маалымат жок экенин айтышкан. Журналисттердин айтымында, Сергей Острецов « “РосФинансКредит” микрокредиттик компаниясынын», «Рологист», «Атамикс Трейд» компанияларынын дагы негиздөөчүлөрдүн бири. Острецов Албек Ибраимовдун убагында Бишкек мэриясынын алдындагы бизнес-жамаатынын координациялык кеңешинин курамында болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы күч түзүмдөрү Острецовду «басым көрсөтүү аркылуу компаниясынан үлүшкө ээ болуу» үчүн кармады деген маалыматты четке каккан.

Ошол эле күнү, Острецов кармалгандыгы тутуралуу маалымат жарыялангандан мурун дагы бир бизнесмен кайрылуу жасап, күч түзүмдөрү рейдерлик басып алууга аракет кылганын жарыялаган. «Спекулянт» түйүнүнүн ээси Василий Щербина 13-январда компаниянын кампаларына белгисиз адамдар басып кирип, документтерди тартып алып, эшикке мөөр басып кеткенин билдирген.

Башкы прокуратура «Спекулянт» Кыргызстандын аймагына сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк алып кирип, сатыкка чыгарганын, ал эми «белгисиз адамдар» дегени ведомстволор аралык тергөө тобу экенин айткан. Щербина болсо жарактуулугу өткөн азык-түлүк тууралуу маалыматты жалган жалаа деп атаган.