Конституциялык кеңешменин (КК) төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «АКИпресс» басылмасына Конституциянын жаңы долбоорун оңдоп-түзөө иши башталганын билдирди. Ал кеңешменин иши качан бүтөрү азырынча белгисиз деди.
«Конституциялык кеңшме ишин улантып жатат. Долбоорду оңдоп-түзөй баштадык», — деди ал.
Анын айтымында, учурда Конституциянын долбоору орусчага которулууда, жумушчу топтор лингвиттер менен иш барууда.
* Мурдараак ККнын иши үч этапта өтүп, анын биринчиси аягына чыкканы кабарланган. Биринчи этапта секциялардын иши бүткөрүлгөн, анда кеңешменин мүчөлөрү сунуштары менен оңдоп-түзөөлөрдү киргизишкен.
Экинчисинде, секциялардын тексти юристтер менен лингвисттердин талдоосунан өтүшү керек. Алар сунушталган текстти карап чыккан соң, аны юридикалык документтин ченемдерине тууралашат.
Ал эми үчүнчү этапта документ жалпы пленардык жыйынга чыгарылып, ал жерде добуш берүү аркылуу тийиштүү ченемдер менен жоболор кабыл алынат.
Бөрүбашев КК ишин аяктары менен корутунду даярдай турганын белгиледи.
«Эгер корутундуга Конституциялык кеңешменин көпчүлүк мүчөсү добуш берсе, анда ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Андан кийин Конституциянын долбоорунун тагдыры парламентте чечилет», — деп айтып берди ал.
Бөрүбашев кеңешме Конституцияны социалдык мүнөзгө ээ кылып жазууга аракет кылып жатканын дагы айтты.
Кеңешменин төрагасы Конституция кандай өзгөртүүлөргө дуушар болду деп сураган журналисттин суроосуна «акыркы чечим чыга элек» деп жооп берди.
«Жаңы нерселер тууралуу азырынча сөз кылбай туралы, анткени акыркы чечим чыга эле. Корутунду жок эле өзгөртүүлөр тууралуу айтып берсем мен жактан этикага жатпаган иш болот да», — деди ал.
Буга чейин, 23-декабрда, Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун биринчи варианты даяр болгонун, ал Жогорку Кеңештин депутаттарына январдын башында көрсөтүлөрүн айткан болчу.
Анын айтымында, долбоордун түзүлүшү 17-ноябрда талкууга сунушталган версиясына салыштырмалуу мурдагы бойдон калган: президенттик башкаруу жана президенттин ыйгарымдарын күчөтүү, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу жана парламентке пропорционалдык шайлоо системасын жоюу [бул системада добуштар талапкерлердин тизмеси үчүн канча добуш берилгенине жараша партияларга бөлүштүрүлгөн]. Бирок көптөгөн өзгөрүүлөр бар, негизинен, адам укуктары жана сот бийлигинин түзүлүшү тууралуу жоболор өзгөргөн.
«Бирок бул варианттын үстүнөн дагы иштөөнү улантабыз. Андан соң депутаттарга беребиз. Менин оюмча 5-январдан кийин. Бул Жогорку Кеңештин сайтына алгач чыгарылган долбоордон айырмаланат», — деп айткан ал ошондо 24.kgге.
Кандай өзгөртүү болгону белгисиз
19-январда Институт Медиа Полиси кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевге кат жолдогон. Катта юристтер аларга Конституциянын долбоорун талдоо үчүн берүүнү жана текстин Жогорку Кеңештин сайтында жана ЖМКларда жарыялоону өтүнүшкөн.
Юристтер Конституциянын долбоорунун кайсы жоболору өзгөрүп кеткенин кыргызстандыктар билбей жатышканын белгилешкен. Аны кай жерден таап окуса да болору түшүнүксүз.
«Эгер Конституциянын ушул долбоорун референдум өткөрүү үчүн пленардык отурумга алып чыгышса, анда Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүү киргизүүгө укуктуу эмес», — деп белгилешкен юристтер катында.
20-январда Бөрүбашев буга жооп берип, учурда долбоордун чийки тексти гана даяр болгонун, аны көрсөтүштүн кажети жоктугун билдирген.
«Учурда кеңешмеде жаңы Конституция кызуу талкуулап жатышат, биз бүтөрүбүз менен документ жалпыга жарыяланат», — деген ал.
Конституциянын долбоорунун биринчи варианты коомдо нааразылык жараткан — ал вариантта сөз эркиндигине жана адам укуктарына кол салууну байкаса болот эле, айрым беренелер башкаларын төгүндөп, учурдагы Баш мыйзамдын башка маанилүү бөлүктөрү такыр жок болуп чыккан. Президентке эбегейсиз ыйгарым берилген. Конституциянын жаңы долбооруна Садыр Жапаров дагы таасир эткени айтылган — ал ошол убакта премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турган.
Конституциялык кеңешме
Президенттин м.а. Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгына кол койгон. Органга 89 адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.
Легендарлуу парламенттин экс-спикери Абдыганы Эркебаев кеңешменин курамы адискөй эмес деп атаган, себеби ал жакта конституциялык укук боюнча юрист-адистер кыйла аз деп түшүндүргөн. Экс-депутат Феликс Кулов дагы Конституциялык кеңешме «макул» позиясына өтүп алганын билдирген.
Президенттин м.а. Мамытов 26-ноябрда кеңешменин курамына дагы он адамды кошкон. Алардын катарында экс-депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Кантемир Мурзаев, укук коргоочу Төлөйкөн Исмаилова жана бир нече «көзкарандысыз эксперттер» менен коомдук ишмерлер бар.
Ошол эле учурда, Конституциялык кеңешмедеги эксперттердин катарына кошулуудан депутат Дастан Бекешев менен конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева баш тарткан. Алар кеңешмени легитимсиз, ал эми мүчөлөрү алардын сунуштарын эске албайт жана алар даяр документ боюнча гана иштешет деп айтышкан.