Конституциялык кеңешменин (КК) төрагасы Бекбосун Бөрүбашов журналисттерге өлкө Конституциясынын биринчи варианты даяр болгонун, ал 2021-жылдын январында депутаттарга көрсөтүлөрүн билдирди.
Анын айтымында, долбоордун түзүлүшү 17-ноябрда талкууга сунушталган версиясына салыштырмалуу мурдагы бойдон калган: президенттик башкаруу жана президенттин ыйгарымдарын күчөтүү, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу жана парламентке пропорционалдык шайлоо системасын жоюу [бул системада добуштар талапкерлердин тизмеси үчүн канча добуш берилгенине жараша партияларга бөлүштүрүлгөн]. Бирок көптөгөн өзгөрүүлөр бар, негизинен, адам укуктары жана сот бийлигинин түзүлүшү тууралуу жоболор өзгөргөн.
«Бирок бул варианттын үстүнөн дагы иштөөнү улантабыз. Андан соң депутаттарга беребиз. Менин оюмча 5-январдан кийин. Бул Жогорку Кеңештин сайтына алгач чыгарылган долбоордон айырмаланат», — деп анын сөзүнөн цитата келтирди 24.kg.
Бөрүбашевдин айтымында, эгерде 10-январдагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда көпчүлүк кыргызстандыктар президенттик башкарууга каршы чыгышса, Конституциянын ушул версиясын кайра жазып чыгышат.
Буга чейин курган маегинде Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин башчысы катары «кайрадан [Кыргызстандын] парламенттик башкаруу режимине өтүшүнө макул болбой тургандыгын» айткан.
Конституциялык реформа
Өлкөдө Конституциялык реформа өткөрүү — «Мекеничил» партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы пункт. Аталган партияны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев негиздеген. Саясий кризис башталгандан кийин Жапаров түрмөдөн чыгып, тарапташтарынын жардамы менен президенттин м.а. жана премьер-болгондо ал реформа зарыл экенин билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек.
Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.
Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштаган. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.
Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган. Бул учурдагы Конституцияны бузган.
Коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан.
Конституциялык кеңештин курамы 89 адамдан турат. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент болгон эмес.
Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы аягына чыкты, экинчи этабында анын тексттеринин секцияларын юристтер жана лингвисттер талдап, үчүнчүсүндө документ жалпы пленардык жыйынга чыгарылып, добуш берүү аркылуу тийиштүү ченемдер менен жоболор кабыл алына турганы белгилүү.