Иликтөөдөн скрин

«Азаттык» басылмасы фармацевтикалык компаниялардын мыйзамсыз жол менен алып келген дарылардын коопсуздугу боюнча иликтеди. «Клооп» журналисттик иликтөөнү баяндап берет.

«Кыргызстанга аткезчилик жол менен ар жыл сайын 5 млд сомдук дары-дармектер кирип турат. Ал дарылар өлкөнүн дарыканаларына жана базарларга сатыкка чыгат. Ал эми аны көзөмөлдөчү “Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинин” өзүндө коррупциялык схема тамырлашып, башаламандык орун алган», — деп башталат иликтөө.

Дары-дармек базарлар

Бишкек шаарындагы Ош базары. Иликтөөдөн скрин

Мыйзамсыз дары базарлардын бири Бишкек шаарындагы Ош базарында жайгашкан. Бул жерден врачтын рецеби жок сатылбай турган дарыларды да таап алса болот. Ошондой эле, алармандардын агылып келгендигинин да себеби бар — дарылар арзан баада сатылат.

Далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барктабасова аталган базарда сатыкта антибиотиктер көп экендигин айтат. Ал иликтөөчүгө интервью берерден мурда атайын дал ушул дары базарды кыдырып көргөн.

«Антибиотиктердин көп колдонулушу ден соолукка зыян. Ар бир дарынын өзүнүн сактоо эрежеси болот. Айрыкча жай айында кээ бир дарылар керектүү температурада сакталбаса, ал ууга айланып калышы мүмкүн. Мени таң калтырганы арыктата турган жана эркектин потенциясын көтөрө турган дарылардын жайнап кеткендиги болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу», — дейт Барктабасава.

Саламаттыкты сактоо министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте маал-маалы менен дары базарларга рейд жүргүзүп турушат. Бирок бул көйгөйдү чече албайт. Анткени сатуучулар беш мүнөттө контейнерлерди жаап, жыйнаштырып коюуга жетишишет.

Лицензиясы жок дарылар

Аткезчилик жол менен алынып келинген дарылар бир гана базарларда сатылып, ал эми мыйзамдуу жол менен келген дарылар дарыканаларда сатылат деген туура эмес. Мыйзамсыз жол менен келген дарыларды баардык жерден табууга болот.

«Кыргызстанда каттоодон өткөн дарылардын тизмеси “Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин” сайтына жайгаштырылган. Эгер сиз сатып алган дары ал тизмеде жок болсо, демек бул контрабанда. Кайсы өлкөдө жасалып, кандай клиникалык сыноодон өткөндүгү белгисиз», — дейт иликтөөчү.

Журналист Бишкектин дарыканаларында лицензиясы жок жана каттоодон өтпөй сатылып жаткан эки дарыны тапкан. Анын бири — Траумель деп аталат. Анын көрсөтмөсүндө ар кандай жаракатка жана шишикке каршы колдонсо болоору жазылган. Анын баасы бир дарыканада 685 сом турса, дагы биринде 800 сом деп турат.

Дарыканалардын сатуучулары кардарга дары сатып жаткан учурда, анын лицензиясын көрсөтүшү керек. «Феникс и КО» дарыканасынын кызматкери Траумель акыркы бир айдан бери сатылып жатканын айтат. Ал департаменттин каттоосунан да өтө элегин кошумчалап, бирок жаракаттарга жакшы жардам берерин белгилейт.

Аталган дарыканага Мукамбетов Нурлан Касенович ээлик кылат. Ал эми ал киши өзү Улуттук онкология борборунда врач болуп эмгектенет. Журналисттер бул врач менен телефон аркылуу байланышкан, бирок дарыгер суроолорго жооп бербей телефонду өчүргөн.

Борбор калаада дагы бир Вазопрастан деген каттоодон өтпөгөн дары сатылат. Мунун бир кутучасынын баасы 24 миң сом турат. Ал кан артерияларынын илдетине каршы колдонулат.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын айтымында, дары-дармек жаатындагы «коррупционерлерге» кылымыш иши козголбойт, көп учурда айып төлөө менен чектелишет.

Дарылардын кооптуулугу

Анткен менен департаменттин каттоосунан өткөн дарылар да аткезчилик жол менен келген учурлар бар. Барктабасова мындан бир нече жыл мурун атайын комиссия департаменттин ишмердүүлүгүн текшерген учурда он чакты дарынын лицензиясы, сертификаты жок болуп чыккандыгын айтат. Дарыда көрсөтүлгөн заводдун байланыш телефондору да иштеген эмес. Алтургай ага басылган мөөр да жасалма экени аныкталган. Мына ошондуктан мыйзамдуу жол менен келген дарыларды да сапаттуу деп айтуу кыйын.

Фармкомпаниялар чет өлкөдөн кандайдыр бир дарыларды алып келүүдөн мурда «Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментининен» каттоодон өтүшү шарт. Каттоо алты ай убакытка созулат. Бул аралыкта аталган департамент дарыга тиешелүү документтерден тарта анын сапатына чейин текшерип чыгуусу керек. Текшерүү бүткөндөн кийин гана фармкомпанияга уруксат сертификаты берилет.

Ошондой эле, дарылар чек арадан өткөндөн кийин дагы бир жолу лабораториядан өтүп анан сатыка чыгарылышы шарт.

Коррупциялашкан департамент

«Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсызандыруу департаменти» Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги эң коррупциялашкан мекеме болуп саналат. Бул тууралуу иликтөөчүгө департаментте иштеген кызматкер анонимдүү айтып берген.

«Чет өлкөдөн дары алып келүү үчүн алты ай убакытты күткүсү келбеген фармкомпаниялар 3-4 айда эле сертификат алгысы келет. Ал үчүн алар департаментке 3 миңден 8 миң долларга чейин пара беришет», — дейт кызматкер.

Ошондой эле, аталган департаментте иштеген көпчүлүк кызматкерлер фармбизнес менен алектенишет. Аларга мындай бизнести ачуу ыңгайлуу жана оңой. Анткени фармкомпаниялар аларга жардам берип, дарыларды арзан, алтургай кээде насыяга да берип турушат.

«Аракет» ЖЧКсы «Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин» жетекчисинин орун басары Мавлянбек Абдиевге карайт. Ал жаңы ачылганда атасына каттатып, жетекчиси катары өзүнүн жубайын көрсөткөн. Учурда аны кайра күйөө баласына каттатып койгон.

Абдиев өзү жакындарына катталган компанияларга жардам көрсөтө албасын айтат.

Ошондой эле, департаментте дарыканалардын ишмердүүлүгүн жана дарылардын сакталышына, сатылышына көзөмөл жүргүзгөн фармацевтикалык инспекция иштейт. Аны Нурдин Кагаздиев башкарат. Анын үй-бүлөсү да фармбизнес менен алектенет.

Фармацевтикалык товарларды саткан «Адинай» ЖЧКсы Кагаздиевдин атасынын наамына катталган, ал эми «Лидер Азия» компаниясына кайнежеси ээлик кылат. «Лидер Азия» дары-дармекти дүңүнөн сатат.

Кагаздиев да туугандарына катталган фармбизнеске жан тартпай тургандыгын айтат. Анткен менен анда фармкомпанияларга таасир эте ала турган укук бар. Анткени ал жетектеген бөлүм дарыканаларды текшерип, мыйзам бузуу аныкталса чара көрө алат.

«Бирок, баары бири-бири менен байланышы бар болуп жана эки тарапка тең пайдалуу болгондуктан ачыкка чыгарыш, жоюш кыйын болуп жатат», — дейт анонимдүү кызматкер.

«Дарыны каттоодон өткөрүү үчүн суралган 10 миң доллар»

«Гепатитке жол жок» бирикмесинин жетекчиси Нургазы Батырбековдун айтымында, Алафенамид аттуу дарыны катоодон өткөрүү үчүн индиялык компаниядан департаменттеги эксперт 10 миң АКШ долларын сураган.

«Департамент ар кандай сурамдар менен созуп жатып бул дарыны бир жылга чейин каттоодон өткөрбөй койгон. Биз кайра-кайра лицензиясы бар, каттоодон өткөн дарыны ичишибиз керек деп сурай бергенибизде, анан алар мага “эксперт 10 миң доллар сурап жатат. Биз эмне кылышыбызды билбей жатабыз” деп айтышты. Анан мен ушундан кийин соцтармактарга чыгып айтууга мажбур болгом», — деп кейиген Батырбеков.

Башкы прокуратура Батырбековдун билдирүүсүн текшерип, индиялык фармкомпания сунуштап жаткан дарыны каттабай коюуга негиз жок деген жайынттыкка келген. Кийинчерек «каттоодон өткөрүү үчүн 10 миң даллар» сураган адис кызматынан четтетилген.

Батырбековго бул окуядан кийин индиялык фармкомпаниялардын кызматкерлери телефон аркылуу байланышкан.

«Окуядан кийин ал Индия фармкомпанияларына өкмөттө иштеген жана башка “чоң” адамдар чыгып аларды коркута башташыптыр. Анан алар мага “биз тынч иштегибиз келет. Ошондуктан эч кимдин үстүнөн арыз жазбайбыз. Бул дарыдан [алафенамид — ред.] башка да препараттарды регистрация кылабыз да, ошого душман арттыргыбыз келбейт” дешти мага», — дейт бирикменин жетекчиси.

Дарылардын электрондук маалымат базасын түзүү аракети

Департаментте коррупциялашкан схема жолго коюлуп калганын аткаруу бийлигинин да кабары бар. Муну жоюу максатында 2018-жылдан бери дарылардын электрондук маалымат базасын түзүү аракети жүрүп жатат. Ага ылайык дары-дармек каражаттарын ташып жеткирүүчүлөрдү көзөмөлгө алууга, өндүрүп чыгаруудан тарта керектөөгө чейин контролдоого шарт түзүлмөк.

«Саламаттык сактоо министрлиги, Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти, аймактардагы ооруканалардын жетекчилери баары бири-бири менен чырмалышып, коррупцияланып калышкан. Буларда таза иштейли деген кызыкчылык жок. Өкмөттүн аппаратында тоскоолдуктар болуп жатат. Мен берген документтерди “созуп” карабай жатышат, анткени баарынын байланышы бар», — дейт Сурабалдиева.

Дарылардын электрондук маалымат базасын түзүү үчүн Туркия программаны акысыз эле бермек болгон. Ошондой эле, Дүйнөлүк банк да 368 миң доллар бөлгөн. Калган чыгымын Кыргызстан өзү көтөрүп, 2020-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган болчу. Бирок мамлекеттен акча бөлүнбөгөндүктөн бул токтоп турат.

Ал эми Туркия болсо бул программаны жолго коюп алган. Алар дарыларды чет өлкөдөн келип, керектөөчүлөрдүн колуна тийгенге чейинки процессти көзөмөлдөй алышат.

Өлкөдөгү дары-дармектердин коопсуздугуна, медициналык каражаттардын сапатына көзөмөл кылуу маанилүү экенин Covid-19 илдети күчөп турган убакта айкын билинген. Бул боюнча атайын пандемия убагында келген гумжардамдардын бөлүштүрүлүшүн изилдөөчү ведомстволор аралык комиссия да түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы жакынкы күндөрү жарыяланарын Сурабалдиева билдирген.

Кыргызстанда 6 788 дары «Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсызандыруу департаментинин» каттоосунан өткөн. Алардын 97%ы чет өлкөдөн келет. Алардын ичинен Орусия алдыңкы орунда турат. Андан кийин Индия, Германия. Ал эми дары бизнес менен алектенген компаниялардын саны 200дөн ашуун. Дарыканалардын саны болсо 3 200дү түзөт. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Фармкомпаниялардын жетекчилерине карата сотко чейинки өндүрүш

Буга чейин мындан бир жыл мурун июлда финпол өлкөнүн ири фармкомпанияларынын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, ведомствого «Коом коррупцияга каршы» жана «Демилгелүү жаштар борбору» коомдук уюмдары арыз менен кайрылышкан. Алар ири фармкомпаниялар дары-дармектердин жасалма тартыштыгын жаратып жатканын жана жогорулатылган баалардын фактыларын көрсөтүшкөн.

Дарыканаларга жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө ведомствонун кызматкерлери көп колдонулган препараттардын баалары кымбаттатылганын аныкташкан.