Сурабалдиева: COVID-19дан каза болгондордун саны азыркыдан көп болушу мүмкүн

Вице-премьер Элвира Сурабалдиева

COVID-19ду жуктуруп каза болгондордун саны учурдагы республикалык штабдын берип жаткан статистикасынан алда канча көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева фейсбук баракчасында билдирди.

Сурабалдиева мындай билдирүүнү пандемия убагында келген гумжардамдардын бөлүштүрүлүшүн изилдөөчү ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктаганын жарыялап жатып билдирди.

«Коронавирустун биринчи толкуну күч алып жаткан учурда, кээ бир аткаминерлер документтерди кечиктирип жатышты. Мындан улам дарылоодо да башаламандык келип чыкты. Алтургай “сүйлөшүүлөр” да болуп, кимдир бирөө “бизнес” кылып жатты», — деп жазган Сурабалдиева фейсбук баракчасына.

Ошондой эле, ал комиссиянын курамында медициналык эксперттер, журналисттер жана башка ишмерлер бар экенин белгиледи. Сурабалдиева комиссия мүчөлөрүнүн аты-жөнү жалпы жыйынтык менен чогуу жакын арада ачыкталарын айтты.

Мындан сырткары, ал комиссиянын айрым мүчөлөрү алгачкы күндөн эле «кесепети тийип калат деген коркунуч» менен иштен баш тартканын кошумчалаган. Ошондой эле, Сурабалдиева өлкөгө келген гуманитардык жардамдардын уурдалганын белгиледи. Вице-премьер өз сөзүндө алдыдагы үч айда илдет жуктургандар менен андан каза болгондор көбөйүшү ыктымалдыгын дагы билдирди.

«Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологдорунун божомолу боюнча 2020-жылдын июль айындагыдай “кара күн” болбойт сыяктуу. Бирок жугуунун жана өлүмдүн саны 2021-жылдын февраль, март, апрель айларында көп болушу мүмкүн. Биз дагы ондогон ооруканаларды куруп, тез жардам унааларын сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок, медицина кызматкерлери дале болсо да жетишсиз», — деди ал.

Кыргызстандагы COVID-19

Коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.

Мындан улам 2020-жылдын 18-августунда Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дан каза болгондордун санын 29 пайызга азайткан. Буга чейин маркумдардын саны 1 498га жеткен болчу.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт алгач 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөгөн. Бирок, жарым жыл аралыгында болгону 608 медик жана каза болгондордун ичинен 30 үй-бөлө гана кенемте алган.

Медиктер компенсация алуу абдан кыйын экенин бир нече жолу айтышкан – бюрократия, документ чогултуудагы кыйынчылыктарды аташкан. Андан тышкары, жуктуруу жумуш учурунда болгонун далилдөө дагы кыйынга турган. Эгерде медик иш учурунда оору жугузуп алганын далилдей албаса, кенемте төлөнбөйт.

Кенемте төлөө боюнча жаңы эрежелер

Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Жумакеев АКИpress агенттигине билдиргендей, 2021-жылдын 1-январынан баштап, COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча жаңы эрежелер иштей баштады.

«Жаңы эреже боюнча, эгерде медицина кызматкери кызыл зонада иштеп жатып COVID-19 жуктурса, анда ал 75 миң сом алат. Каза тапкан медиктин үй-бүлөсү 2 млн 800 миң сомго жакын каражат алат», — деп айтты ал.

15-январга карата өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 82 857ге жетти. Анын ичинен 4 150сү медицина кызматкерлери. Ошондой эле, COVID-19дан 78 715 киши айыгып, 1 381 бейтап каза болду.