Өлкөдө коронавирустун 118 жаңы учуру катталды — жалпы 83 703 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 22-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 118 учуру катталганын маалымдады. Жаңы учурлардын 44ү лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 74 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 47 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда —23;

Ысык-Көл облусунда — 14;

Ош облусунда — 10;

Нарын облусунда — 10;

Жалал-Абад облусунда — 8;

Талас облусунда — 4;

Ош шаарында — 2.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 155ти түздү — анын ичинде үч медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 58, Чүй облусунда — 46, Ысык-Көл облусунда — 19, Ош облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда үч, Нарын облусунда жана Ош шаарында экиден, Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 703кө жетти. Алардын ичинен 43 624 кишиде илдет лабораториялык тастыкталган, калган 40 079 бейтап пневмонияга чалдыкты. Ал эми оорудан 79 664 бейтап айыгып, 1 396 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 697 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 017 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.