Өлкөдө COVID-19дун жаңы 93 учуру катталып, 108 киши айыкты

Республикалык штаб 23-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 93 учуру катталганын маалымдады. Алардын арасында бир медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусунда —29;

Бишкек шаарында — 27;

Ысык-Көл облусунда — 21;

Жалал-Абад облусунда — беш (бир медик);

Ош облусунда — төрт;

Талас облусунда — эки;

Ош шаарында — эки;

Баткен облусунда — эки;

Нарын облусунда — бир.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 108ди түздү — анын ичинде эки медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 38, Чүй облусунда — 35, Ысык-Көл облусунда — 23, Ош, Баткен жана Нарын облустарында үчтөн, Ош шаарында эки, Жалал-Абад облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 796га жетти. Ал эми оорудан 79 772 бейтап айыгып, 1 398 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 689 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 28 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1006 адам үй шартында дарыланууда.