Чолпон-Атага 1 кгдан ашуун марихуана алып бараткан киши кармалды — ИИМ

Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну 1 кгдан ашуун баңгизат менен 24-январда кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылып жатканын билдирди.

«ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Балыкчы — Чолпон-Ата жолунан Mercedes үлгүсүндөгү маршруттук унааны текшерип, жүргүнчүлөрдүн биринен кара куурай өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылган», — деп ИИМден маалымдады.

Дайындалган экспертиза табылган маңзаттар марихуана экенин ырастады.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан 54 жаштагы тургун 700 грамм марихуана менен кармалган. Ал Майлуу-Суу ШИИБнин тергөө абагына эки айга камакка алынып, тергөө амалдары улантылууда.