Майлуу-Сууда бир килограммга жакын маңзат сактаган киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 54 жаштагы тургун маңзатты мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Майлуу-Суунун криминалдык милициясы белгисиз тургун баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу маалымат алган. Бул факт «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатсыз, мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү аталган шаардагы тамактануучу жайлардын биринен кармалган. Ошондой эле, тинтүү учурунда анын жанынан эки даана желим баштыкка оролгон өзгөчө кескин жыты бар, жашыл түстөгү зат табылган.

«Шектүүнүн өзү жашап жаткан үйүндө баңгизатты сактап жүрөт деген маалымат болгондуктан, үйүн тинтүүгө уруксат алынып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Үйүнөн салмагы 715 грамм болгон жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат табылган», — деп бидирди Жалал-Абад ОИИБи.

Дайындалган экспертиза табылган маңзаттар «марихуана» экенин ырастады. Шектүү Майлуу-Суу ШИИБнин тергөө абагына эки айга камакка алынды. Тергөө амалдары улантылууда.

Мындан бир күн мурун Ош шаарынан Борбор Азия өлкөлөрүнө маңзаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзгөн 55 жана 59 жаштагы тургундар кармалган. Тинтүү учурунда алардан жалпы 600 грамм нашаа табылган. Кармалгандар УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.