2019-жылы аялдарга карата жасалган кылмыштардын саны 14%га көбөйдү — Улуттук статком

Улуттук статистикалык комитет үй-бүлөлү зомбулук жана кылмыштар боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарды жарыялады. Улутук статкомдун маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14%га көп.

Аялдарга карата көбүнчө кандай кылмыштар жасалган?

2018-жылга салыштырмалуу аяктаган кылмыш иштери боюнча адамды уурдоо (2,3 эсеге), зордуктоо (2,1 эсеге) жана адам сатуу (2 эсеге) учурларынын үлүшү өстү.

Ошондой эле, 2019-жылы аялдарды мажбурлап никеге тургузууга байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.

Аялдар көбүнесе жардам сурап кайда кайрылышат?

Комитеттегилер билдиришкендей, үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 2019-жылы кризистик борборлорго, кайрымдуулук жана коомдук фонддорго жана аксакалдар сотуна жалпы 7 818 адам кайрылган, алардын ичинен 85%ы — аялдар. Кайрылуулардын көбү кризистик борборлорго туура келген — ал жакка жардам сурап 6 687 адам барган.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын үчтөн бири 18-34 жаштагы кыз-келиндер, кризистик борборлорго жардам сурап көбүнесе ушул курактагылар кайрылат. Ал эми мындан улуу курактагылар кризистик борборлорго көп деле кайрылбайт.

Ошол эле учурда Улуттук статком 2020-жылга карата маалыматтарды талдап чыга элек. БУУнун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) пандемиянын айынан гендердик теңсиздик күчөп, аялдарга күч келип, аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка көп дуушар боло баштаганын билдирүүдө.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Өлкө аймагында аялдардын өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйдү. ИИМдин статистикасына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 025 учуру катталган. Ошол эле учурда жакындарынын жана туугандарынын колунан запкы жегендер басым, коркуу жана башка себептерден милицияга кайрылышпайт.

Дагы окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?