Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер үчүн «117» чукул байланыш кызматы ачылат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы февраль айында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапап чеккендер же оор турмуштук кырдаалга кабылгандар үчүн 117 маалыматтык-маалымдама линиясы ишке кирерин маалымдады. Кызматка чалуу акысыз болот.

«117 кызматы — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүүдөгү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен зомбулук окуяларына ыкчам чара көрөбүз, зомбулуктун мындан ары алдын-алууга маалымат топтойбуз, чечим кабыл алуу үчүн абалга мониторинг жүргүзөбүз жана укуктук, психологиялык жардам көрсөтө алабыз», — деп белгиледи ведомство жетекчиси Ализа Солтонбекова.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинен линия азырынча эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштерин, кийинчерээк аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалып жатканын билдиришти.

«Чалууларды министрликтин райондук жана шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери тейлейт. Мындан тышкары, алар министрликке тиешелүү болгон бардык суроолор боюнча жарандарга консультация беришет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде балдар үчүн 11 ишеним телефону дагы иштейт. Операторлор күнү-түнү балдардын укугу бузулгандыгы тууралуу чалууларды кабыл алат жана кеңеш берип, психологиялык жардам көрсөтүшөт.

Кыргызстанда аял өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйдү. ИИМдин статистикасына караганда 2020-жылдын ичинде 9025 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бирок көп учурда жакындарынын зомбулугуна кабылгандар кысым же дагы башка таасирлерден коркуп милицияга кайрылышпайт.

ТЕМА БОЮНЧА: