«Дем жетпей жатат». Бишкектеги кара түтүндүн көркөм чагылдырылышы

Яна Лысенко — санарип-сүрөтчү, башкача айтканда чыгармаларын компьютердин жардамы менен жаратат. Ал Бишкекте жашайт жана шаардагы кара түтүндү өз көз карашында чагылдырат. «Дем жетпей жатат» аталышындагы арт сериялар эмоционалдык жактан сизге дагы жакын болуп жүрбөсүн?

«Бул сүрөттөр – менин айланамда эмнени көрсөм, ошонун чагылышы. Түтүн аралаш боз туманда ойноп олтурган наристелерди көрүү абдан оор. Андан дагы оору өзгөрүүлөр жакын арада болбой турганын моюнга алуу. Деги эле өзгөрүү болобу? Бул сүрөттөр - жан дүйнө жаңырыгы, мен абалга дээрлик таасир бере албайм деген ойлор менен тартып жаттым. Бир гана колдон келишинче көркөмдөп, образдар аркылуу бул көйгөйгө көңүл бурдуруп, сүрөттөрдү көрүп жаткандардын бардыгын – өзү жана өзүнүн кыймыл-аракетинен баштоого чакыргым келди. Жок дегенде, абалды мындан дагы оорлоштурбаса деп ойлондум», – дейт Яна «Клоопко» курган маегинде.

Бул серияга үч санариптик арт кирет – «Караңгы келечек», «Ууланган муун» жана «Жылуулуктун өлө тургандай зарылдыгы».

«Караңгы келечек»
«Ууланган муун»
«Жылуулуктун өлө тургандай зарылдыгы»

Кара түтүн тууралуу материалдар: