Deutsche Welle: Бишкек кара түтүндөн тумчугуп жатат

Немистердин Deutsche Welle эл аралык телерадиокомпаниясы 28-декабрдагы репортажында коркунучтуу кара түтүн жана Бишкектин өтө булганыч абасы тууралуу сөз кылган. Журналисттер борбор калаа декабрь айында бир нече күн катары менен абасы өтө булганыч делген Кытай шаарларын ашып өтүп, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкканын белгилешкен.

«Бул ортоазиялык шаарда болгону миллионго чукул калк жашайт, бирок бир нече жылдан бери кыш мезгилинде, жылуулук сезону башталганда кара түтүнгө чулганып калат. Коронавирус панедмиясы өлкөнүн экономикасына оор залал келтиргендиктен, коюу кара түтүн ансайын коюланды өңдөнөт», — дейт журналисттер.

4-январдын таңында, абанын булганышын аныктоочу IQ Air эл аралык рейтингине караганда Бишкек дүйнө шаарларынын ичинен биринчи орунда — абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) борбордо 450 бирдикти түзгөн.

*Аба сапатынын индекси — же air quality index (AQI) — бул көрсөткүч кайсыл бир аймакта абанын таза же булганч экенин көрсөтүп турат. Адатта шкала 0дөн 500гө чейин болот, жана алты категорияга бөлүнөт: жакшыдан коркунучтууга чейин. Бул көрсөткүч жогору болгон сайын аба ошончолук булганган болот. AQI дагы аба ырайы сыяктуу, күн сайын, ал тургай саат сайын өзгөрүп турат.

Бишкек дүйнө шаарларынын ичинен абасы эң көп булганган деп айтылып, рейтингдин сап башынан түшпөй келет. Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт.

Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жер тамда жашап, үйлөрүн көмүр менен жылыткандар дагы бузушат. Аба кечке маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана үйлөрүнө көмүр жагышат.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБден чыккан түтүн абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.

2020-жылдын ноябрь айынын башында фотограф Павел Исаенко Бишкектин түндүк бөлүгүн каптаган кара түтүндүн бир нече сүрөтүн жарыялаган. Ал мындай кою түтүндү бир гана Бишкек ЖЭБи менен жеке үйлөрдөн чыккан түтүн пайда кылышынан күмөн санаган.

Исаенконун пикиринде, шаарды гана эмес Байтик ойдуңун кошо каптаган кара түтүнгө айылдардын айланасындагы өрттөлүп жаткан айдоо аянттарынан чыккан түтүн себеп болушу мүмкүн.

Декабрь айында Бишкекте кара түтүнгө жана калаа бийлигинин бул көйгөйдү чечүү боюнча аракетсиздигине каршы жөө жүрүш болуш өткөн.

Активисттер жана шаар тургундары марш аркылуу өкмөттүн көңүлүн борбор калааны каптаган кара түтүн көйгөйүнө бурууну максат кылышкан. Алар жарандарды үйлөрдү жылытууда резина жана эски дөңгөлөктөрдү жакпоого үндөшкөн.

Абанын булгануу көйгөйүн кабыл алуудан аны чечүүгө чейин өкмөткө ондогон жылдар керектелиши мүмкүн. Азырынча шаардын тургундары респиратордук беткаптарды тагынып, аба тазалаган буюмдарды сатып алууга аргасыз.

ТЕМА БОЮНЧА: