Өлкөдө коронавирустун 128 учуру катталып, 151 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-январда Кыргызстанда коронавирус 128 кишиден аныкталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында эки медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусунда — 60 (бир медкызматкер);

Бишкек шаарында — 48 (бир медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 9;

Жалал-Абад облусунда — 5;

Нарын облусунда — 6.

Ошондой эле өткөн суткада коронавирустан 151 бейтап айыкты — алардын ичинде үч медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 54, Чүй облусунда — 49, Ысык-Көл облусунда — 19, Ош облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда жети, Нарын облусунда беш, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 303кө жетти. Алардын ичинен 80 481 бейтап айыгып, 1 408 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 618 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 21 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 863 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.