Бир кадр менен: Ысык-Көлдүн космостон көрүнүшү

Эл аралык космос станциясынын космонавты Олег Артемьев инстаграм барагында Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн жарыялады.

«Бул көлдөн суу акпайт, аянты боюнча дүйнөдөгү ири 30 көлдүн ичине кирет, ошондой эле, дүйнөдөгү эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда турат», — деп жазган космонавт сүрөттүн түшүндүрмөсүндө.

Ысык-Көл Кыргызстандагы эң чоң көл. Ал республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан.

Дагы окуңуз: