Бишкекте көптөн бери алдамчылык кылып жүргөн курулуш компаниясынын директору кармалды

Бишкектин Ленин райондук ИИБи милиция кызматкерлери курулуш компанияларынын биринин директору кармалганын маалымдады, ал көптөн бери алдамчылык кылып жүргөн деп шектелүүдө.

Ленин райондук соту аны эки айга ТИЗО-1ге камакка киргизүү боюнча баш коргоо чарасын кабыл алды.

ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга жаран арыз жазып кайрылган. Анын айтымында, курулуш компанияларынын биринин директору 2019-жылдын 14-сентябрында эле ага көп кабатуу үйдүн курулушуна үлүшчү болуп катышууну убада кылып, андан тышкары, үч бөлмөлүү батирге жасалма келишим түзгөн.

Арыз жазып келген адам бул үчүн шектүү андан 50 миң доллар алып, бирок убадасын аткарбай изин жашырып кеткенин түшүндүргөн.

Мындан тышкары, Ленин РИИБне кармалган директорду ушундай эле кылмыштарга барганы үчүн жоопко тартууну суранып дагы 10 жарандан арыз түшкөн. Жалпы канча зыян келтирилгени такталууда.

Милиция кармалган адамдын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн иш-амалдарын жүргүзүүдө.