COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болду, дагы 76 адам вируска кабылды

Республикалык штаб маалымдагандай, акыркы сутка ичинде коронавируска кабылган эки бейтап каза болду. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус инфекциясына чалдыккан 1 411 адам каза болду.

Штабдын маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 76 адамда аныкталды. Алардын көбү Бишкекте жана Чүй облусунда катталды, ал эми Талас жана Баткен облустарында акыркы суткада инфекция жугузуунун бир дагы учуру катталган жок.

Акыркы суткада коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны аймактар боюнча:

  • Бишкек — 27;
  • Чүй облусу — 28;
  • Ысык-Көл облусу — 3;
  • Ош шаары — 3;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ош облусу — 5;
  • Баткен облусу — 1;
  • Жалал-Абад облусу — 9.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери өлкөдө жалпысынан 84 453 адам коронавируска чалдыкты.

Акыркы суткада 138 бейтап оорудан айыгып, ооруканалардын чыкты. Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери жалпысынан 80 781 бейтап оорудан айыккан.

Республикалык штаб маалымдагандай, 30-январга карата Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 жугузуп алган 598 бейтап жатат, алардын 27си — жандандыруу бөлүмүндө, ал эми 179 бейтаптын абалы өтө оор. Мындан тышкары, дагы 732 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Акыркы суткада коронавирус инфекциясы эки медицина кызматкеринде аныкталды — эки учур тең Жалал-Абад облусунда катталды.

Пандемиянын башынан бери жалпысынан 4 173 медик коронавируска кабылган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын ичинен 4 088 кызматкер айыккан.