Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Президент Садыр Жапаров 1-февралда «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана КРдын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлөт.

Жарлыктын аткарылышы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлүп, ал эми өкмөткө жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталган.

Коргоо министрлиги 2.0

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 1993-жылдан 2015-жылга чейин иштеген. Бирок 2014-жылдан 2016-жылга чейинки аскердик реформадан кийин Коргоо министрлигинин функциясын Генералдык штаб менен Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет бөлүштүрүп алган.

2014-жылы куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабына аскер башкармалыгынын борбордук органынын ыйгарым укуктары берилген, ал эми өзгөчө кырдаал жаралган учурда — улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумунун курамына кирген мамлекеттик түзүмдөрдүн күчүн жана каражаттарын ыкчам башкаруучу жана координациялоочу жогорку орган деп саналган.

Ошондой эле, Генералдык штабдын башчысы коргоо министрине эмес, президентке түздөн-түз баш ийген. Генштабдын башчысы жалпы куралдуу күчтөрдүн кол башчысы катары саналган.

2016-жылы Коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн. Жаңы ведомствонун милдеттерине куралдуу күчтөрдү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо, ошондой эле, коргонуу жаатында тармактар аралык координацияны ишке ашыруу кирген. Иш жүзүндө Коопсуздук иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Генштабдын төрагасына баш ийип калган.