Парламентте «Бешинчи канал» менен «Пирамиданы» сатуу маселеси көтөрүлдү

Бюджет жана финансы боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү Марлен Маматалиев менен Улан Примов мамлекеттин карамагындагы «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телеканалдарын сатууну сунушташты.

Финансы министри Кыялбек Мукашев 1-февралдагы жыйында аталган телеканалдардын кызматкерлеринин 2020-жылдын декабрь айы үчүн маяналарын төлөп берүү үчүн казынада каражат жетпей жатканын билдирди.

Ошондуктан кошумча каражат бөлүү талап кылынып, талкуунун жыйынтыгында 40 млн сом бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев түшүндүргөндөй, «Бешинчи каналдын» дээрлик 82,5 млн сом карызы бар.

Депутат Марлен Маматалиев телеканалдын экөөсүн тең жеке менчикке сатууну сунуштады. Бул сунушту Маматалиевдин депутат кесиптеши Улан Примов дагы колдоого алды.

«Комиссия түзүп, телеканалдардын маселесине чекит коюшубуз керек. Парламенттин пикири боюнча, аларды жыштыктарын кошуп сатыш керек. Жок эле дегенде телеканалдарды бюджеттен акча албагыдай кылыш керек», — деди Маматалиев.

«Бешинчи каналдын» таржымалы

«Бешинчи канал» 2005-жылы биринчи президент Аскар Акаев кулатылгандан кийин жабык КООРТ каналылынын диапазонунда пайда болгон. Учурда телеканал бүткүл өлкөгө түз обого чыгып, Кыргызстандагы эң ири телеканалдардын бири болуп эсептелет.

2009-жылга чейин телеканалдын башкы директору кийнчерээк экинчи президент Курманбек Бакиевдин өкмөтүнө иштөөгө өткөн парламенттин мурдагы депутаты Оксана Малеванная болуп турган.

Бакиевдердин үй-бүлөсү телеканалды көзөмөлдөп турганы айтылып, бул 2010-жылдагы революциядан кийин анын ыктымал улутташтырылышы боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүшүнө себеп болуп калган делет. «Бешинчи канал» президент Курманбек Бакиев кулатылып, Кыргызстандын бийлиги алмашкандан кийин бир жыл өткөн соң 2011-жылы биротоло улутташтырылган.

Бакиведен кийин президенттик кызматка келген Роза Отунбаева «Бешинчи каналдын» улутташтырылышына каршы болгон, бирок парламент көпчүлүк добуш менен телеканалды мамлекетке өткөргөн.

2017-жылдын аягында Маммүлк фонду Эркин Абдразаковду «Бешинчи каналдын» убактылуу башчысы кылып дайындаган. Бул телеканалдын башкы директору Евгения Бердникова менен шеф-редактор Дмитрий Ложников кызматтарынан кеткенден кийин болгон.

Ал эми 2021-жылдын ноябрында телеканалдын жаңы башкы директору болуп УКМКнын экс-басма сөз катчысы Рахат Сулайманов келген. Ал бул кызматка Эрнис Кыязовдун ордуна келген.

«Пирамиданын» таржымалы

Өлкөнүн эң биринчи көзкарандасыз телеканалдарынын бири катары белгилүү «Пирамида» каналы ээлерин бир нече жолу алмаштырган. Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин улутташтырылган. Бүгүнкү күндө дагы ал Маммүлк фондусунун карамагында.

Ал эми 2016-жылы «Пирамида» парламенттин жана башка маморгандардын ишмердигин чагылдырган телеканалга айланган.