Атамбаевдин адвокаты Текебаев, Бабанов жана Жээнбековду суракка алууну өтүндү

Адвокат Замир Жоошев 2020-жылдын 9-октябрындагы окуяларды «объективдүү иликтөө» үчүн Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаевди суракка алыш керек экенин «Клооптун» журналистине билдирди.

Контекст: Замир Жоошев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Фарид Ниязов менен жансакчысы Канат Сагымбаевдин жактоочусу. Алар 9-октябрдагы башаламандыктарды уюштурууга шектелип жатышат. Ал күнү Бишкекте үч митинг өткөн — УКТга каршы, туруктуулук үчүн жана Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митинги. Анда УКТга каршы митинг менен туруктуулук үчүн митингдин катышуучулары биригип, Ала-Тоо аянтына жөө жүрүш менен келишкен. Ал жерде Садыр Жапаровдун тарапташтары менен биригип келген эки митингдин катышуучуларынын ортосунда кагылыш орун алган.

Кагылышуунун жыйынтыгында саясатчы Тилек Токтогазиевдин башына таш тийип, Темир Сариевдин жансакчысы жарат алган, ал эми Атамбаевдин машинасына ок атылган. Башаламандыктардын кесепетинде Атамбаев менен анын тарапташтары кармалган.

Азыркы учурда 9-октябрдагы митингди уюштуруу иши ИИМде иликтенип жатат. Жоошев Бабанов менен Текебаевди бул иш боюнча күбө катары суракка алууну өтүнөт. Саясатчылар буга чейин башаламандыктардын артында Сооронбай Жээнбеков турушу мүмкүн деп айтышкан болчу.

«Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда аянтка чыккандардын жарымынан көбү меники болчу деп айтканын 6-ноябрда билдирген», — деп түшүндүрүп берди адвокат «Азаттыкка» курган маегинде. Ал ошондой эле Жээнбековдун ушул эле сөздөрүн Текебаев ЖМКларга билдиргенин кошумчалады.

Бабанов Kakatus.Media басылмасына курган маегинде Сооронбай Жээнбековдун катыштыгы болушу мүмкүн экенин айткан. Анда 9-октябрдагы митингде Жээнбековдун адамдары болгонун, бул тууралуу ага экс-президент өзү айтканын баяндаган.

Ошондой эле, Текебаев Жээнбеков ага 9-октябрда аянттагы адамдардын жарымынан көбү анын тарапташтары экенин айтып бергенин Super.TVга билдирген.

Мындан тышкары, Жоошев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу ИИМге арыз жазган. Жоошев 9-октябрдагы окуялар боюнча Жээнбековдун өзүн дагы суракка алыш керек деп эсептейт.

Жээнбековдун отставкасы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин шартында 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен.

Ошондо шайлоодогу көптөгөн бурмалоолордон улам шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкектин башкы аянтына чыгышкан. Андан соң 6-октябрга караган түнү укук коргоо орган кызматкерлери менен жарандардын ортосунда кагылыш болгон.Бул башаламандыктардын шартында экс-депутат Садыр Жапаров тарапкерлеринин колдоосу менен абактан бошотулуп, андан соң өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Жапаров өлкөнүн башкы кызматтарын аркалоо менен кадр саясатын жүргүзүп, маанилүү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн, анын ичинде УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте түптөгөн «Мекенчил» партиясындагы кесиптештерин дайындаган. Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын жана Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумду дагы демилгелеген.

Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтүп, парезиденттик башкаруу формасы жеңишке жеткен. Ушул эле күнү өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Жапаров алдыга чыккан. Бирок Конституцияны өзгөртүү үчүн дагы бир референдум өткөрүлүшү керек, азырынча анын өтө турган күнү дайындала элек.