Сутка ичинде коронавирустан үч бейтап каза таап, 72 адамда вирус табылды

Республикалык штаб билдиргендей, өткөн суткада COVID-19 жуктурган үч бейтап каза тапты. Өлүм учурларынын экөөсү Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Бишкекте катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, пандемия башталган убактан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 1 423 адам көз жумган.

Мындан тышкары, штаб вирус дагы 72 адамда аныкталганын билдирди. Коронавирус жуктуруу учурларынын көбү Бишкекте катталган.

Бишкек — 27;

Чүй облусу — 16;

Нарын облусу — 12;

Жалал-Абад облусу —5;

Ош облусу — 4;

Ысык-Көл облусу — 3;

Баткен облусу —2;

Ош шаары — 2;

Талас облусу —1.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 84 992ге жетти. Сутка ичинде 98 бейтап айыгып үйүнө кеттти.

Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооруп айыккандардын саны 81 542 бейтапты түзөт.

6-февралга карата 492 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 32 киши реанимацияда, дагы 133 адам оор абалда. Ошондой эле, 596 бейтап үй шартында дарыланууда.