«Адилет сот» долбоорунун жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды — УКМК

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» долбоорунун жетекчиси коррупциялык схемага аралашкан деп шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылдын июнь айында Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин кызмат адамдары «Сот системасынын карызкорлорунун реестри» маалыматтык тутумун иштеп чыгуу үчүн жасалма тендер өткөрүшкөн. 2,3 млн сомду түзгөн тендерди IT-компаниялардын бири жеңген, бирок комитеттин билдирүүсүндө бул компаниянын аты аталган эмес.

Ошол эле учурда, УКМК буга чейин «Адилет сот» долбоорунун адистери айлык маянасынын эсебинен ушул эле системаны ишке киргизип, андан соң аны Кыргызпатенттен каттоодон өткөрүшкөнүн белгилейт.

«Буга карабастан, Сот департаментинин кызматкерлери IT компаниясынын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, иштеп жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн, ал эми акча каражаттары коррупциялык схеманын катышуучулары тарабынан уурдалган», — деп түшүндүрүштү Мамкомитеттен.

«Сот системасынын карызкорлор реестри» системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жетекчиси коррупциялык схемага катышы бар деген шек менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Мындан тышкары, УКМК ошол эле IT компания башка дагы кылмыш иши боюнча өтүп жатканын билдирди. Бул кылмыш иши «Жергиликтүү сот» системасын иштеп чыгуудагы коррупцияга байланыштуу. Иштин фигуранттарынын бири болуп Жогорку соттун төрайыма Гүлбара Калиева эсептелет.

Коопсуздук комитети бул факты боюнча Башкы прокуратура Соттор кеңешинин алдындагы комиссияга сунуштама бергенин белгилеп, анда Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси караларын белгиледи.

Комиссия Калиеванын иши боюнча качан чечим чыгарары белгисиз. 2020-жылдын январь айында Калиеванын ден соолугу начарлаганына байланыштуу комиссия ишти белгисиз мөөнөткө токтоткон. Ал эми УКМК болсо Калиева тергөө амалдарын «тоготпой жатат» деп билдирген.

Калиевага каршы иш козголгону 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин басма сөз жыйынында белгилүү болгон. Анда Ташиев Калиева «жогорку кызматта экенине карабай» кармалышы мүмкүндүгүн айткан.

Жогорку соттун төрайымы болсо, ага карата коррупция боюнча кылмыш иши 2020-жылдын жаз айларында, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда эле козголгонун билдирген.

Калиева иштин материалдары менен тааныша электигин, бирок тергөө амалдарына тоскоолдук кылбоого аракет кылганын белгилеген. Анын айтымында, «Жергиликтүү сот» системасын ишке киргизүү үчүн бир дагы документке кол койгон эмес.