Транспорт министрлигиндеги коррупция: финпол тергөөнү аяктап, сотко 28 иш жөнөттү

Каржы полициясынын басма сөз кызматы Транспорт жана жолдор министрлигинин мамлекеттик дирекциясындагы коррупция иши боюнча тергөө амалдары аягына чыкканын кабарлады.

Финполдун маалыматына ылайык, аталган иш боюнча 28 сотко чейинки өндүрүш сотко өткөрүлгөн.

Ведомстодон түшүндүрүшкөндөй, сотко дирекцияда 2018-2020-жылдар аралыгында орун алган коррупциялык схемалар боюнча иликтенген иштер тапшырылган. Схемага ылайык «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарындагы автоунаалар жөнүндөгү маалыматтар бурмаланып турган.

«Коррупциялык иш-аракеттен улам бюджетке 20 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул каражат финполдун күчү менен дээрлик толугу менен ордуна тургузулду. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Коррупция” беренеси менен минтранстын кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды», — деп билдиришти финполдон.

Ведомство азырынча кайсыл иштер сотко өткөнүн тактаган жок.

Транспорт министрлигиндеги коррупция

Финпол 2020-жылдын май айында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарында коррупциялык схемалар аныкталганын маалымдаган. Бул иш боюнча Бишкек — Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын үч кызматкери кармалып, ал эми мамлекетке келитирилген зыян ондогон миллион сомго бааланган.

Андан соң июнь айында аталган иш боюнча Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн дагы 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Анда коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүндүгү кабарланган.

Бул кармоолордон кийин финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогун текшере баштаган.

Ошондой эле, 2021-жылдын январь айында финпол Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевди коррупцияга шектеп кармаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, тергөө учурунда коррупциялык схемага теишеси бар 30га чукул кызматкер кармалган.