Жапаров экс-муфтий Токтомушевдин кармалышы боюнча оюн билдирди

Президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде экс-муфтий Максат Токтомушевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

*Токтомушев ажылык сапарга баруучулардын каражаттарын пайдаланууга байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча 10-февралда шектүү катары кармалган. Буга чейин ал Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилик кызматынан өз калоосу менен кеткен. Ал эми 12-февралда экс-муфтий башка аймакка чыкпоо тилкаты менен чыгарылды.

Жапаровдун айтымында, диний тармактагы адамдардын арасында пикир келишпестиктер пайда болуп, алар «экиге бөлүнүп, чабышып жатышат». Президент бул чыр 4-5 жылдан бери келе жатканын билдирди.

Өлкө башчы билдиргендей, ал президенттикке талапкер болгон учурда Токтомушев ага кайрылып, муфтияттын Аалымдар кеңеши аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан алууну көздөп жатканын айтып даттанган. Ал эми жаңы муфтийди шайлоо 2021-жылдын апрель айында өтүүсү керек болчу.

Экс-муфтий Жапаровго буга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору жана өкмөттүн тиешеси бар экенин маалымдаган.

«Мен ошол мезгилде өкмөт аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаевге муфтийдин көзүнчө чалып, үн күчөткүчүнө коюп айткам: “Өкмөт муфтияттын ишине кийгилишпесин. Кимди алат, кимди коёт — бирөөңөр дагы кийлигишпегиле. Бирок үстүртөн көзөмөлгө алалы, эгерде туура эмес жолго кетип жаткан болсо анда түздөп коюп турабыз биз”. Мамлекеттин максаты ошол болушу керек деп туруп, Бакыт Аманбаевге чалып: “Бардыгына айткын, ошол Дин комиссиясынын башчысына да айткын” деп айттым. Ал убакытта Дин комиссиясына мен Акин Токталевди коюп кеткен элем, ал көп жылдан бери динчилдердин, түрмөдө отурган адамдардын укугун коргоп жүргөн адам болчу. Бакыт Аманбаевге айткам: “Сиз айтыңыз, баарына телефон чалыңыз, 3-4 ай убакыт калыптыр, анын эч айырмасы жок, апрелде эле Аалымдар кеңеши кимди кааласа [муфтий кылып] шайлап алсын. Бирок биздин салттуу динди кармаган, динчилдердин башын бириктирип турган, ызы-чуу болбогон адамды койсун” деп ушинтип токтотуп койгом», — деди президент.

Жапаровдун айтымында, ал инаугурациянын алдында Аалымдар кеңеши Токтомушевди мөөнөтүнөн мурда алып, тез арада шайлоо уюштурууну көздөп жатат деген маалымат алган.

«Мунун эки себеби бар экен. Биринчиси: акчаларды “жеп койду” деген. Экинчиси бул Чубак ажы сыяктуу Максат ажы дагы YouTube [каналында] дин тармагында сабак өтүп, суроолорго жооп берет экен — ошол жерде ал эки жолу оозунан жаңылган экен. Өзүнүн позициясынан жаңылган экен. “Биздин салттуу диндеги динди айтпай, тескери жакка үндөдү” деген дооматтарды койгон экен», — деди президент.

Кийинчерээк Жапаров анын жардамчысы делген экс-депутат Арзыбек Бурхановго муфтий менен жолугушууну жана маселени чечип берүүгө көмөктөшүүнү тапшырган. Бирок Бурханов «катачылык кетирип» Токтомушев менен эмес, Дин иштери боюнча комиссиянын директору Акин Токталиев менен жолуккан.

Өлкө башчынын айтымында, Бурханов Токталиевге муфтияттагы ызы-чууну басып, эки тарапты жараштырууну айткан. Бирок Дин комиссиясынын директору Токтомушевге «кет деп жатышат» сыяктуу «туура эмес маалымат» айтып алган. Мындан улам ызы-чуу басылгандын ордуна күчөй баштаган.

Кийинчерээк Жапаров инаугурациянын алдындагы жума намаздардын биринде муфтияттагы эки тарап менен жолукканын айтты. Токтомушевге нааразы болгондор аны «динди туура эмес башкарганына» жана ажылыкка чогултулган акчаларды «жеп койгонуна» даттанышкан. Ал эми Жапаров тараптарга апрелде жаңы муфтийди шайлап алууну жана «каржылык бузууларды» териштирүү үчүн бухгалтерди сунуштаган.

«Мен бухгалтер жиберип, ревизиялык комиссиясы менен текшере башташты булар. Текшерип баштаганда чындыгында бул жерде жетишпегендиктер бар экен: 16 млндон 7,7 млн долларын алыптыр дагы, конвертация жасап сомго айлантыптыр. Бул ажылык сапарга баруучулардын акчасы да, тийилбеш керек эле. Анан сомго конвертация болгон акчаны башка банктарга киреше алуу максатында пайызга салышкан экен. Алар былтыр пайызга салып, кайра пайда көргөнгө чейин доллар 15 сомго өсүп кетип — пайда көрмөк түгүл, булар чыгым тартып калып жатышат. Чыгымы эле 700 миң доллардын тегерегинде болуп кетти», — деди президент.

Ошондой эле, өлкө башчы бул каражаттардын ичинен 155 млн сом 2020-жылдын август айында фирма аркылуу шайлоого катышкан саясий партиянын чыгымдарына колдонулуп кеткенин билдирди. Жапаровдун айтымында, бул каражаттар ажылыкка бара тургандарга жарым-жартылай кайтарылган.

«Соцтүйүндөрдөн жана башка жерден маалыматтарды уктум “Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев атайылап муфтийди каматып, муфтийдин орду керек болуп жатат” дегендей айтып жатышат. Мына төбөбүздө Кудай карап турат, мага муфтийдин ордунун кереги жок. Кимисин шайлап алса шайлап алсын», — деп жыйынтыктады Жапаров.