Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев үй камагына чыгарылды

Макстабек Токтомушев

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек Токтомушев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасын 12-февралга караган түнү Биринчи май райондук соту карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотту.

«Азаттык» басылмасы сот экс-муфтийди камакка алып-албоо боюнча ишти үч саатка жакын караганын маалымдады. Ал эми Токтомушевдин жактоочусу Нурбек Сыдыковдун айтымында, мурдагы муфтий өзүнө коюлган айыптарды төгүндөп, аны «чагым» деп атады.

Токтомушев мындан эки күн мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Атайын кызмат Токтомушевдин муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бардыгына далилдер бар экенин билдирген. Токтомушев кармалганга чейин муфтийликтен кетүү арызын жазган болчу.

Ошондой эле, 10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалганы кабарланган.

Маалыматка ылайык, дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу атайын кызматтын өкүлдөрүнө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара» сунуштаган. Ал эми муфтият башкы эсепчи боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берелерин убадалаган.

Аталган факт «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

Пара чуусунун шартында муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кеттүү арызын жазды

УКМК: Муфтий Максатбек Токтомушев каржылык мыйзам бузууга байланыштуу кармалды