УКМК: Муфтий Максатбек Токтомушев каржылык мыйзам бузууга байланыштуу кармалды

Максатбек Токтомушев

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максатбек Токтомушев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен 10-февраль күнү кечинде кабарлашты. Ушул эле күнү Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган болчу.

«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды», — деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ведомстводон муфтий кылмышка шектүү катары өтүп жатканын белгилешти. Токтомушев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызматтан тергөө уланып жатканын жана кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилерин кошумчалашты.

Буга чейин Токтомушев АКИpress басылмасына маек куруп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына карабай аны кызматынан мыйзамсыз бошотууга аракет кылып жатышканын айтып берген болчу.

Ошондой эле, Токтомушев аны «арам ойлуулар» кызматтан алгысы келип жатканын белгилеген. Ал буга Аалымдар кеңешиндегилер, мурдагы муфтийлер жана «айрым мамлекеттик аткаминерлер» кызыктар деп эсептейт.

10-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерине «пара берип» жатканда кармалгандыгы маалым болду.

Маалыматка ылайык, дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу атайын кызматтын өкүлдөрүнө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара» сунуштаган.

Ал эми муфтият башкы эсепчи боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берерин убадалады.

Аталган факт «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.