Бишкек шаардык сотундагы судьялардын кабинеттеринин эшигин бузуп кирген шектүү жаран кармалды

Биринчи май РИИБи Бишкек шаардык сотундагы судьялардын кабинеттеринин эшигин бузуп кирүүгө шектелген жаран кармалганын билдирди. Окуя 9-февралдан 10-февралга караган түнү болгон.

10-февралда Бишкек шаардык соту белгисиз адамдар кулпуларды бузуп ачып, соттун имаратына киргени тууралуу кабарлашкан. Соттун басма сөз кызматы жарандык, кылмыш жана административдик иштердин материалдары ордунда калды деп ишендиришкен. Судьялардын кабинеттерине кирүү аракети видео байкоо жүргүзгөн камераларга түшүп калган.

РИИБдин маалыматына караганда, имараттын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү кабаттарында жайгашкан судьялардын кабинеттеринин сырткы эшиктери бузулган. 200-берене (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Натыйжада кылмышкы шектүү адам Оштон кармалган — ал 1991-жылы туулган жаран болуп чыккан. Ал Бишкектеги убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар-жогун аныктоо үчүн тиешелүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралар уланууда» , — деп билдирди РИИБ.