Садыр Жапаров: Жээнбековго «ырымдап» экс-президент макамын бердик

Жапаров/Жээнбеков

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда эмне үчүн Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамы берилгенин түшүндүрдү.

Ал бул кадам «өлкөдө 30 жылдан бери бир да “экс-президент” жок болгону үчүн» болду дейт. Ошондой эле анын айтымында, бул «кийин да бийлик мыйзамдуу алмашуусу үчүн “ырымдоо” максатында болгон».

«Эл президент кетсин деп, ага экс-президент макамын берүүгө да каршы болушту. Бирок мен баарын мойнума алып, экс-президент макамын бердим. Экөөнү кубалап жибердик, бирөөсүн түрмөгө тыктык. Муну да кубалап жиберсек же түрмөгө тыксак мындан кийин деле ушундай көрүнүш улана бербесин деп, атайылап ырым кылдык», — деди ал.

Жапаров эгер бул чечимге каршылар болсо «туура түшүнүшөт деп ойлоорун» кошумчалады.

Анткен менен Кыргызстанда экс-президент бар — ал 2010-жылы өткөөл мезгилде президент болгон Роза Отунбаева. Отунбаева өлкөнү бир жылдай башкарып, ага аталган макам расмий түрдө берилген.

Шайлоодон кийинки толкундоолордон кийин Садыр Жапаров премьерликке дайындалган соң мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Мындан соң парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан. Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары автоматттык түрдө Садыр Жапаровго өткөн.

Кийинчерээк Жапаров Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамын ыйгарган.