Сот Атамбаевди 7-апрелге чейин камакта калтырды

4-февралда сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүлү «Клоопко» билдирди.

Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айыпталууда. Бул жолу Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумга келген эмес. Ал учурда №47 түзөтүү абагында камакта.

Ошондой эле, соттон Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Биринчи май райондук сотуна мурдагы президенттин баш коргоо чарасын өзгөртүү жана анын кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп берүү өтүнүчүн келтиргенин билдиришти. Бирок Жоошевдин эки өтүнүчү тең канааттандырылган эмес.

Мындан тышкары, сот мурдагы президентти 7-апрелге чейин камакта калтырууну чечкен.«Айыпталуучу Атамбаев саламаттыгына байланыштуу этапташтырылбаганы боюнча сот жыйына 2021-жылдын 18-февралына саат 14:00гө калды», — деп кошумчалашты соттон.

Ошол эле күнү Бишкектеги УКМКнын имаратынын алдына Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишин кайра кароо талабын айтышкан. Ошондой эле митингге чыккандар мурдагы президентти үй камагына чыгарууну жана «Альфа» аскердик бөлүгүнүн кызматкери Самидин уулу Сагынбекти жоопко тартууну талап кылган. Самидин уулу Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу операциясын жетектеген болчу.

Жогорку сот 2020-жылдын ноябрь айында эле Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмүн жокко чыгарган. Бул инстанциялар аны кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуудагы коррупция иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анда сот Атамбаевдин ишин кайра кароого жөнөткөн болчу.

Атамбаев жана Батукаевдин иши

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайрадан жандандырышкан. Батукаев 2013-жылы лейкоз оорусуна чалдыккан деген маалымдаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени ачыкка чыккан.

Бул ишти кайрадан иликтөө Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан, кол тийбестигинен жана башка артыкчылыктарынан ажыратууга себеп болгон негиздердин бири. ИИМ Атамбаевди Азиз Батукаевдин иши боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент үч чакырууну тең тоготпой, тергөөчүгө жолуккан дагы эмес.

Кийин мындай кадам Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын штурмга алууга себеп болгон. Мурдагы президенттин тарапташтарына эки күн бою каршы туруудан кийин күч түзүмдөрү акыры Атамбаевди колго түшүргөн. Атайын операция учурунда бир спецназ каза болуп, 100гө жакын адам ар кандай жаракаттарды алган. Батукаевди бошотууга айыпталган иштин башка фигуранттарына айып салынган.