Шайлоого аттанган Өмүрбек Суваналиев айрым «партияларды каралар калкалап» жатканын айтты

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев келе жаткан парламенттик шайлоого катыша турган бир катар партиялардын артында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тураарын билдирди. Ошондой эле, ал өлкөнүн бийлиги мындай жол менен коррупцияга каршы күрөштө жеңилгенин айтты.

«Кыргызстандын парламентинде, бардык жерде коррупция жөнүндө айтылат. Бирок коррупциянын башында уюшкан кылмыш топтору турганын, башкарып жатканын эч ким айткан жок. Эртең, бүрсүгүнү башка чаап кетпесин дейт. Себеби, бийлик уюшкан кылмыштуу топторго жеңилип калган», — деди Суваналиев.

Ал мындай билдирүүнү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын съездинде жасады. Суваналиев парламенттик шайлоого дал ушул партия менен катышат.

Партия жакында эле талапкерлердин тизмесин бекитип, жетинчи чакырылыштын депутаттыгына алдыңкы 7 талапкердин атын атады. Бул тизмеге Суваналиев жана башка аткаминерлер кирген.

Мындан тышкары, тизмеде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын экс-депутаты Исхак Масалиев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бар. Учурда Асанов Кой-Таштагы окуялар учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүүдө.

Партиянын лидери Адахан Мудумаров — кыргыз парламентинин алгачкы үч чакырылышында иштеген жана жарым жыл спикер болуп эмгектенген саясатчы. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматын аркалаган. Ал эми 2019-жылы УКМК Мадумаров бул кызматта турганда кол койгон протоколдорду текшерип жатканын билдирген.

Мадумаров 2010-жылдан бери «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясын жетектеп келет. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан, бирок анда Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.