Коронавирус 55 кишиден аныкталып, 61 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 17-февралда Кыргызстанда коронавирустун 55 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында бир медициналык кызматкер бар.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 20 жана 14. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда тогуз, Нарын облусунда төрт, Ош облусунда үч, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Баткен облусунда бир кишиде коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 61 бейтап айыкты. — алардын ичинде беш медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 18, Нарын облусунда жети, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда экиден, Талас облусунда бир бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 619га жетти. Алардын ичинен 82 452 бейтап айыгып, 1 446 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 410 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 22 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 371 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.