Туугандары тарабынан токмоктолгон Ибрагимге батир берилди

«Рахим» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов 2015-жылы туугандарынын ур-токмогунан кийин майып болуп калган Ибрагимге «Көк-Жар» кичи районунан эки бөлмөлүү батир алып берди. Бул тууралуу «Рахим» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин өспүрүмдү камкордукка алган атасынын мурдагы экинчи жубайы Диана Сайимова Ибрагим жана өз кызы менен Бишкектеги жаңы конуштардын биринде эч кандай шарты жок жер тамда жашап келген.

Ошондой эле, Ибрагимге реабилитациялык жана азын оолак акчалай жардам берилип жатканын фонддон белгилешти — Кыргызстанда тийиштүү адистер жок болгондуктан, баланы Орусияга алып барышууда.

Ибрагимдин окуясы

2015-жылдын январь айында эки жашар Ибрагим Бишкектеги балдар клиникалык ооруканасына эс учун жоготкон абалда, көптөгөн жаракат жана мурда-кийин алган денесиндеги тактары менен жеткирилген. Баланы атасынын агасы ур-токмокко алган, ооруканага келгенден кийин ал комага түшүп калган.

Баланын денесиндеги айрым тактардан улам дарыгерлер наристе сабалгандан сырткары зордукталышы мүмкүн деген шек менен милицияга кайрылышкан. Соттук-медициналык экспертиза зордуктоо болгонун тастыктаган.

Милиция «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук иш-аракеттер» жана «Атайылап ден соолугуна оор залал келтирүү» беренелери боюнча иш козгогон. Ибрагимдин атасынын агасы Жаныбек Түлөбеков жана анын аялы Айзада Аккөзова кылмышка шектелип, ТИЗОго киргизилген.

Дагы бир кылмыш иши баланын атасы Назар Түлөбековго карата «Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо» беренеси менен козголгон — Ибрагимдин ата-энеси ажырашып кетип, бала атасы жактан байкеси менен анын аялынын колуна өткөн. Назар Түлөбеков Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунунун чечими менен эки жылга жатак абагына кесилген.

Кийинчерек Чүй облусунун Аламүдүн райсотунда Аккөзова 15 жылга, ал эми Жаныбек Түлөбеков өмүр бою эркинен ажыратылган. Чүй облустук соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Ал эми 2015-жылдын май айында араң ооруканадан чыккан бала атасы Назар Түлөбековдун экинчи аялы Диана Сайимованын камкордугуна алынган. Бала ооруканадан чыкканы менен баш мээси жабыркап, өзү шал болуп калган, бирок өгөй энесин бул чочуткан эмес.

Сайимова эки баласы менен жаңы конуштардын биринде шарты жок жер тамда жашап келген. Азыркы убакта Ибрагим менен карындашын жалгыз багып жатат.

Дагы окуңуз:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт