Бишкектин саламаттыкты сактоо департаменти ооруканага Озерный айылынан жеткирилген эки жаштагы зордукталган бала кома абалынан чыккандыгын, бирок көрүүсүндө көйгөйлөр бар экендигин билдирди. Наристенин көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгы тууралуу алгачкылардан болуп КТРК телеканалы кабарлаган.

Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Аскар Эрдешов Kloop.kgге берген маегинде баланын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгын ырастады. Аны менен катар ал зордукталган наристе кома абалынан чыгып, дарыгерлердин үнүнө реакция берип жаткандыгын кошумчалады.

Озёрныйлык эки жашар бала 2015-жылдын башында сабалып, зордукталган. Тергөөнүн болжолдуу маалыматтары боюнча, бул кылмышка анын аталаш тууганы менен анын аялы шектелип жатышат.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) наристе тууралуу сюжети 10-февралда көрсөтүлдү. Анда берүүнүн автору наристенин «көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгын» айткан.

«[Ал] өз алдынча дем алып калды. Албетте, азырынча өз алдынча тамактана албайт. Тилекке каршы көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады — ал шыпты тунук көздөрү менен карап жатат. Бактыга жараша, дарылоо үчүн керектүү бардык дары-дармектер жетиштүү», — деген КТРКнын кабарчысы.

Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков КТРКга берген маегинде алар баланы кароо үчүн үч медайымды жалдагандыктарын билдирген.

«Жети-сегиз жолу тамактандырам. Муздаткычта жумуртка, сүт, айраны бар. Атала жасап, плиткада жылытабыз», — деген медайым Гүлнара Бейшеналы кызы телеканалга берген маегинде.

Зордукталган наристе

Бала ооруканага 11-январда жаткырылган. Өмүрбеков анда Kloop.kgге наристенин «ар кайсы маалдарда алган» көптөгөн сыйрылган, көгөргөн жерлери жана баш сөөгүндөгү жаракаттары менен жеткирилгендигин билдирген.

«Бизде шектенүүлөрдү жаратып, милицияга кайрылуубуздун себеби — баланын оозунун бир жагы айрылып, аналдык каналынын алдында бир нече тешиктер бар болгон — бул анын кандайдыр бир жаракаты бар экендигинин белгилери. Биз эмне жаракат экенин билбейбиз: мүмкүн зомбулук деле эместир — бир нерсеге катуу отуруп алгандыр… а мүмкүн зомбулуктур. Судмедэксперт аны зомбулук деп эсептеп жатат», — деп билдирген анда Өмүрбеков.

Кийинчерээк баланын аталаш агасы менен анын аялы наристени сабагандыктарын мойундарын алышкан, бирок анын зордукталгандыгын азыркыга чейин четке кагып келишет. Алардын версиясы боюнча, алар «балага клизма кылышкан».

Милиция эки тууганына карата тең кылмыш ишин козгогон — алар «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барышкан» жана «саламаттыкка атайылап оор зыян келтиришкен» деп айыпталып жатышат.

Соттук-медициналык экспертиза баланын зордукталгандыгын ырастаган. Бирок Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы экспертиза зордуктоо фактысын 100 пайызга ырастабагандыгын билдирген.

Эки тууганы тең 2015-жылдын март айынын ортосуна чейин тергөө абагына камалышкан.

Андан сырткары укук коргоо органдары зордукталган баланын атасын «эрезеге жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарган эмес» деп айыптап, ага карата кылмыш ишин козгошкон.