«Бул баланы чөнтөгүнө эмес, мамлекетке иштетиш керек». Түлеев Матраимов тууралуу

16-февралда журналист Майраш Базлакунованын ютуб каналында Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев менен болгон интервью жарыяланды.

Түлеев бажыдагы көп жылдаган коррупция үчүн болгону 260 миң сом айыпка жыгылган бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду «феномен» деп атады.

Экс-мэрдин айтуусу боюнча, Матраимовго жумшагыраак мамиле жасаш керек.

«Мен анын кандай иштегенин билем. Эмне кылып иштегенин дагы билем. Бул жигит — феномен, кандай феномен башка маселе. Ошол феноменди азыр мамлекетке иштетсе, бул плюс болот. Макул, алпарып камап койдуңар, экономикалык кылмышы үчүн 15 жыл бердиңер, үй-жайын камакка алдыңар. Аны сатса 2 миллиардка жетпейт да?! 24 банкта эсеби бар экен деп кыйкырып атасыңар, ошол эсептерде акчасы бар бекен? Жок. Менин билишимче 21-22 миң доллары гана бар болчу», — деп эсептейт Бишкектин мурдагы мэри.

Түлеев Матраимовго иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин да билдирди.

«Бул баланы чөнтөгүнө эмес, мамлекетке иштетиш керек. Ал үчүн коомчулук сүйлөшү керек, Камчыбек Кыдыршаевич деген турат, президент турат. Аны алдап, мамлекетке иштетиш керек. Бул өмүр бою бажыда иштеп, чырмалышып калган. Ансыз бажы дагы жок», — дейт Нариман Түлеев.

Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык схемаларга аралашканы боюнча күнөөсүн мойнула алып, сот 11-февралда аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом (3 миң АКШ доллары) штраф салган.Матраимов буга чейин УКМК белгилеген 2 млрд сом (24 млн АКШ доллары) төлөп, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп берген — бул сумма коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган сумманын 3,5%ынан кемин түзөт.

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Матраимов менен Абдукадырдын схемалары «Азаттык», «Клооп», OCCRP жана Bellingcatтин биргеликте жасаган иликтөөлөрүнүн арты менен коомго кеңири ашкереленген. Коррупциялык схемалардын айынан АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

Түлеев деген ким?

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп турган учурунда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке колдорго таркатып берген. Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген.

2012-жылы экс-мэрге борбор калаа үчүн Кытайдан автобустары менен кар тазалоо унааларын сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

Ал кезде бийлик Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон Караван соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

2020-жылдын 20-октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистин шартында Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган.

Бирок бул шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан. Алар «бийликке репутациясы булганбаган жаңы адамдардын келишин» талап кылышкан. Эки күндөн кийин, 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматынан отставкага кеткен.

2021-жылдын 9-февралында Жогорку сот мурдагы инстанциялардын ага карата чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Ленин райсотуна жөнөткөн.