Коронавирустан үч киши каза болуп, 83 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-февралда Кыргызстанда коронавирустун 83 жаңы учуру катталганын маалымдады.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды — 42 жана 22. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда он, Ош облусунда төрт, Ош шаарында үч, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир кишиден коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 58 бейтап айыкты — алардын ичинде сегиз медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 13, Нарын жана Ысык-Көл облустарында алтыдан, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда экиден, Баткен облусунда бир бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында үч киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 772ге жетти. Алардын ичинен 82 583 бейтап айыгып, 1 450 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 411 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 386 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.