COVID-19дан алты киши каза болуп, 54 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 21-февралда Кыргызстанда коронавирустун 54 жаңы учуру катталганын маалымдады.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Чүй облусунда катталды — 25. Ошондой эле Бишкек шаарында — 16, Ысык-Көл облусунда беш, Нарын облусунда үч, Ош жана Талас облустарында экиден, Баткен облусунда бир адамда коронавирус аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 66 бейтап айыкты — алардын ичинде үч медик бар.

Коронавирустан Чүй облусунда — 26, Бишкек шаарында — 24, Ысык-Көл облусунда он, Нарын облусунда жана Ош шаарында экиден, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында беш, Жалал-Абад облусунда бир киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 885ке жетти. Алардын ичинен 82 756 бейтап айыгып, 1 458 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 396 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 24 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 339 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.