Марипов Жапаровдун жаңы кадрдык саясаты тууралуу жарлыгын кантип ишке ашырарын айтты

Премьер-министр Улукбек Марипов 22-февралда президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндөгү» 29-январда кол койгон жарлыгына байланышкан кайрылуу жасады.

Маалыматка ылайык, бул жарлык «мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо системасын жана практикасын түп тамырынан өзгөртүүгө шарт түзүүгө» багытталган.

Марипов Жапаровдун негизги тапшырмасы «кадрларды тандоо системасын жана практикасын түп тамырынан өзгөртүү» экенин белгиледи.

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн өкмөт район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүү системасын киргизет. Ошондой эле акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилет.

Премьер-министр бул иштердин негизги максаттарына токтолду:

элдин ынтымагын бекемдөө;

мамлекеттик кызматта түндүк-түштүк деген түшүнүктөн арылуу;

кадрдык трайбализм, кландуулук оорусун түп-тамырынан бери жок кылуу;

«тааныш-билиштердин» мамлекеттик башкаруу кызматтарына келишин токтотуу;

жеке кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, айрыкча инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосундагы келишпестиктерди болтурбоо;

системага айланган коррупциялык схемаларды жок кылуу.

Мариповдун пикиринде, бул жер-жерлердеги жетекчилерди натыйжага жана сапатка иштегенге түрткү берет.

«Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биз бир ууч эле элбиз. Бизге бекем ынтымак гана керек! Аттестациялоо иштери өтө жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт», — жеп белгиледи өкмөт башчысы.

Анын айтымында, аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүп, ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет.

Марипов аттестациядан ийгиликтүү өткөн мамлекеттик администрациялардын башчылары жана анын орун басарлары карьералык баскычка көтөрүүдө негизги талапкерлердин бири катары караларын кошумчалады.