Айнура Сагынбаеванын «кыздыкты сакташ керек» деген пикири сынга кабылды

Айнура Сагынбаева

Көп багыттуу клиниканын башчысы Айнура Сагынбаева январдын башында «Эмне үчүн турмушка чыга электе кыздыктан ажырабаш керек? Медициналык көз караш» деген аталышта видео чыгарган.

Бирок сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева бул видео «айыптаган, жалган жана негативдүү» болуп калган деп эсептейт.

Эралиева фейсбук социалдык тармагында орус жана кыргыз тилдеринде «Чпок чпок» деген агартуучулук багыттагы баракты алып барат. Анда ал секс, сексуалдуулук, ден соолук жана адамдар ортосундагы мамиле тууралуу айтып берет.

Сагынбаева видеодо эмне деп айтат?

Бир жарым айда Сагынбаеванын видеосун 170 миңден ашуун жолу көрүшкөн, ал эми видеонун алдына 650дөн ашык комментарий жазылган. Алардын дээрлик бардыгы врачтын айткандарын колдогон.

Видеонун башында Сагынбаева ушул теманы адеп-ахлак жана салт-санаа көз карашынан эмес, эже, апа, дарыгер катары айтууну эп көргөнүн белгилейт. Ал күйөөгө чыкканга чейин кыздык аруулукту сактоонун «медициналык» эки себебин бөлүп көрсөткөн: гигиена жана кош бойлуулук.

Гигиена

Билими боюнча врач Сагынбаева кыздар менен аялдарды гигиенасы айырмаланып турат деп эсептейт. Мисалы, анын айтымында, кыздыгынан ажырай электер үчүн гигиенаны сактоо жеңил, алар жуунуп туруп прокладка колдонуп койсо эле «жетиштүү».

«Аялдардын гигиенасы оорураак: ар кандай бөлүнүп чыгуулар [выделение] болот, аларды көзөмөлдөп туруш керек, жылына эки-үч жолу гинекологго барып туруш керек, УЗИ тарттарып туруш керек, мазок да алдырып туруш керек. Кыздардын бөлүнүп чыгуулары бөлөк болот, ал эми аялдардыкы таптакыр бөлөк», — дейт ал.

Сагынбаева аялдарда сезгенүү тез-тез болот деп эсептейт. Анын пикиринде, аялдарга жол жүрүп баратып заара кылса, же жука кийинип алган болсо деле дароо суук тийет.

«Кыздар болсо, көп эле байкап жүрөм, жеңил колготки кийип алып эле жүрөт. Албетте бул кооптуу, бирок баары бир, көбүнчө [аларга] суук тийбейт. Ошол үчүн биз карап туруп: “Аа, кызсың да, баары бир түшүнбөйсүң” деп коёбуз», — дейт клиниканын башчысы.

Кош бойлуулук

Сагынбаева видеодо айрым кыздар жыныстык жашоону баштап жатканда «бул нерседен» бала жаралаарын, чындап эле боюна бүтүп каларын түшүнүшпөй турганын айтат.

«Кыздар, силер жыныстык жашоону баштаганда бала пайда болот. Анан ал баланы алдырам деп, ары-бери жүгүрүп аборттун мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы жолдорун издеп баштайсыңар, таблеткаларды ичесиңер», — деди ал.

Анын пикиринде, эгер бойдон алдыруу туура эмес болуп, сезгенип калса кийин аялдардын репродуктивдик ден соолугуна терс таасир этип коюшу мүмкүн. Сагынбаева көп учурда тукумсуздукка дал ошол туура эмес бойдон алдыруу себеп болот деп эсептейт.

Клиниканын башчысы айрым «акылдуу» кыздар бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушат жана билишет. Анын оюнча, бойго бүтүрбөөчү дары-дармектерди ичүүдө же спираль салдырууда «тияктын баары ачылат», ачылганда вирустардын, бактериялардын, бүт баарына жол ачылат.

«Контрацетивдерди ичип баштаганда горманалдык фон баары бир өзгөрөт. Врачтар канчалык четке какпасын, ушундай. Биз, төрөгөн аялдар аргасыз ошол нерсеге барабыз. Кыздар колдон келсе аларды ичпегени туура», — деп эсептейт ал.

Видеонун акырында, Сагынбаева «болочок энелердин» ден соолугу чың болуп, турмушка чыгып, келин болгондон кийин дени сак балдарды төрөшү үчүн бул теманы ачык айтып бергенин баса белгилеген.

Бул видео эмне үчүн ойго салат? Эралиеванын түшүндүрмөсү

Репродуктивдик ден соолук боюнча адис Айканыш Эралиева Сагынбаеванын айткандарына кошулбайт. Ал жогорку медициналык билимдүү адамдын кыздык чел же кыздык белги адамдын иммунитетине таасир этет деп айтканы «абдан өкүндүрөрүн» айтат.

«Себеп дегенде иммунитетке организмдеги таптакыр эле башка нерселер таасир этет, ага кан тамырлардан же иммунитетке таасир эте турган башка кайсыл бир клеткалардан куралбаган былжырак бырыштын таасири жок. Бүгүнкү күнгө чейин кыздык чел кантип сууктан, суук тийгизип алуудан жана жыныс органдарынын сезгенишинен сактаарын түшүнбөй келем», — дейт Эралиева.

Ал кыздык чел менен кыздык — бул бир эле нерсе эмес, анткени ар бир адамдын өзүнүн физиологиялык өзгөчөлүктөрү бар экенин белгилеген. Айрымдарда таптакыр жок болот, кээ бир аялдарда төрөгөнгө чейин сакталат.

Эралиева өспүрүмдөрдө биринчи айыздан кийин пайда болгон бөлүнүүлөр, кантип кыздык челдин бар же жогуна байланыштуу экенин түшүнбөй калган. Бир гана жыты жаман, жашыл түстүү бөлүнүүлөр болбосо эле.

«Андайда гинекологго кайрылуу керек, ал сөзсүз эле чоң адам болушу керек эмес. Эгерде өспүрүм кыз болсо, өспүрүмдөр үчүн гинекологго кайрылса болот. Менимче видеонун автору анын медик кесиптештеринин арасында өспүрүмдөрдүн гинекологу деген адис болорун билбейт окшойт», — дейт Эралиева.

Бул видеонун дагы бир терс жагы катары ал бойго бүтүрбөө ыкмалары тууралуу маалыматты атады, тагыраагы, ал кыздар жыныстык катнаштан кийин дароо эле боюна бүтүрүп алат деген ойду «туура эмес» деп эсептейт.

«Кыязы Айнура Сагынбаева дароо эле бойдон алдырууну айтканына караганда пландалбаган бойго бүтүрүүдөн сактай турган контрацепциянын башка ыкмалары бар экенин билбейт окшойт. Бойдон алдыруу [аборт] жөнүндө толук маалымат албай туруп аборт тукумсуздукка алып барат дейт», — дейт адис.Анын айтымында, бул дагы бир жомок, «аборт тукумсуздукка алып барбасы» көптөгөн илимий макалаларда айтылган.

Ошондой эле, Эралиева Сагынбаеванын бойго бүтүрбөөчү каражаттар багытында дагы компетентсиз деп эсептейт. Анын пикиринде таблетка же гормоналдык спиралдар тескерисинче репродуктивдик ден соолукту жакшыртып, эгер кааласа кош бойлуулукту пландоого жардам берет .

«Гормоналдык контрацептивдер гормоналдык фонду бузбайт, тескерисинче жакшыртат. Алар айыз учурундагы ооруксунууну төмөндөтүп, менструалдык циклди турукташтырат», — деп Эралиева айтып берди.

«Медициналык эмес көз караш»

Айканыш Эралиева Сагынбаева сыяктуу адамдар өзүнүн медициналык «дезинформациясы» менен аялдарды гинекологго баруудан чочулатат деп эсептейт.

«Мен үчүн бул видео медициналык көз караштан болгон жок. Видеодо аялдарды айыптап, жалган жана негативдүү маалыматтар айтылган. Видеодо бойго бүтүрбөөчү каражаттын альтернативдүү варианты болгон презерватив тууралуу айтылган эмес. Бул видеонун келечекти сактап калуу максатында эмес, кыздарды эркин сексуалдык тандоосу үчүн айыптап, башка бирөөнүн денесине кийлигишүү максатында тартылган», — деп эсептейт Эралиева.

Ал сексуалдык билимдин жана кыргыз тилинде маалыматтардын жоктугу «оюна келгенди айтып, өзүнүн жөө жомогун» жалпыга медициналык көз караштан жайылтууга жол бербеши керек деп ойлойт.

Тема боюнча окуңуз:

«Кыз белгиси кымбат». Кантип кыргыз кыздарын «бузулду» деп уяткарышат?

Мастурбация ден соолукту чыңдайт. Дагы кандай сырлары бар?

Балдар менен секс жөнүндө кантип сүйлөшүү керек?

Аял оргазмы деген эмне, ага кантип жетсе болот?