Баткен: Тажикстандын аймагынан кармалган үч кыргызстандык кайтарылды

Баткен облусу. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Баткен облусунда Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Лейлек районунун үч тургуну кайтарылды. Алар 23-февралда тажик тарапка базарга баратып кармалышкан. Бул тууралуу «Клоопко» Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова маалымадады.

«Бизге маалымат келип түшөөрү менен өкүл чек ара кызматы менен бирге тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 5-6 сааттын ичинде эле үч жаран кайра кайтарылды. Алардын жанында эч кандай деле жүк болгон эмес. Ошондуктан тез эле кайтарууга мүмкүнчүлүк болду», — деп билдирди Бердикулова.

«Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, үч жаран Тажикстандын Хистеварз айылында жайгашкан базарга барган жеринен кармалган. Эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында тажик тараптын подполковниги Кирбонов кармалгандарды «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын башчысына алып келип өткөрүп берген.

Буга чейин 16-февралда Кыргызстандын беш жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгы кабарланган. Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан колго түшкөн.

Мындан сырткары, алар Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракеттендиги айтылган.

Бердикулованын айтымында, учурда Баткен жетекчилиги аларды Кыргызстандын аймагында кармалган тажикстандыктарга алмашуу жолу менен Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Тема боюнча:

Баткендиктер Тажикстанда кармалган 5 тургунду бошотууга жардам сурап жатышат

УКМК: Тажик тарап кыргызстандыктарды барымтага алган эмес