Баткендиктер Тажикстанда кармалган 5 тургунду бошотууга жардам сурап жатышат

Баткен облусунун 100дөй тургуну Тажикстанда кармалган айылдаштарын бошотууга көмөк сурап облустук администрациянын алдына 22-февралда чогулушту. Алар менен облустун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жолугушту.

Жыйындан «Т-Медиа» басылмасы түз эфир жасады. Анда тургундардын бири, Суваналиевге кайрылып, анын тууганы 16-февралдан тарта Тажикстанда кармалып тургандыгын айтты.

«Биздин балдар ал жакта [Тажикстанда — ред.] кармалганы тууралуу кабарыбыз жок эле, жума күнү билдик. Эмне себептен кармалып жатканын билбей жатабыз. Азыр балдарыбызды чыгарып бериңиз деп жардам сурап келдик», — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын мал базарга барган жарандарын тажик тарап барымтага алганын жана жалпы 22дей тургун кармалып турганы боюнча билдирүүлөр тараган болчу. Бирок Суваналиев чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн 3 кыргызстандык кармалып турганын айтты.

«Учурда укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бүгүн облустун атайын өкүлдөрү жана кармалган жарандардын ата-энелери менен Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүү жагын чечтик», — деди Суваналиев.

Кийинчерек өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы жалпы беш тургун кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты — Баткен районунун 3 тургуну жана Кадамжай районунун 2 тургуну. Алар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, Тажикстандын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган.

«Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстан Республикасынын атайын кызматы тарабынан кармалган», — деп билдирди ведомство.

Мындан сырткары, аталган маалыматта эки тараптын тең тургундары кайсыл аймакта мыйзам бузуп кармалса, ошол мамлекеттин мыйзамына ылайык жооп берүүгө туура келери кошумчаланган.

Буга чейин 10-февралда Ак-Сай айылынын тургундары да облустук администрациянын алдына жайыт маселеси боюнча нааразычылык акциясына чогулушкан.

Алар Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайытты буга чейин кыргыз тарап пайдалынып келгендигин айтып, аларга белгисиз себептер менен жайыт тажик тарапка өтүп кеткендигине нааразычылык билдиришкен.

Чогулгандар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ошол кездеги өкүлү Жаныбек Жалалов жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жолуккан. Алар өкмөткө жана делимитация, демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссияга тургундардын талабын, сунушун жеткирерин айтышкан.

Ошондой эле, кийинчерек Жалалов менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси жолугуп, курулуш иштери боюнча эки тараптуу комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан. Комиссия түзүлүп, алар ишин баштаганга чейин чек арадагы тактала элек аймакты эки тарап тең пайдаланбайт деп чечим кабыл алышкан.