УКМК: Тажик тарап кыргызстандыктарды барымтага алган эмес

Баткен облусу. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун тургундарын тажик тарап барымтага алганын төгүндөдү. Атайын кызматтын 22-февралдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандын беш жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган.

«Кармалгандар Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракеттенген маалда Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Учурда аларга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, аталган билдирүүдө кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы кошумчаланган.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын мал базарга барган жарандарын тажик тарап барымтага алганын жана жалпы 22дей киши кармалып турганы боюнча билдирүүлөр тараган болчу. Кийинчерек 100дөй тургун Тажикстанда кармалган айылдаштарын бошотууга көмөк сурап облустук администрациянын алдына чогулганы кабарланган.

Чогулгандар менен Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жолугуп, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн беш кыргызстандык кармалып турганын маалымдаган.

Ошондой эле, өкүлчүлүктөн кармалгандар Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалганын билдирген. Ведомстводон кабарлашкандай, алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Тема боюнча:

Баткендиктер Тажикстанда кармалган 5 тургунду бошотууга жардам сурап жатышат