УКМК Аскарбек Шадиевди кармоо боюнча АКШдан жардам сурады

Аскарбек Шадиев

25-февралда Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевге карата Кыргызстандын мурда жиберген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигине расмий түрдө кайрылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматында Шадиевге карата ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгону айтылат. Ошондой эле, ал «Интерпол» тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Аскарбек Шадиевдин иши

Экс-депутат жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.

Саясатчынын жана анын үй-бүлөсүнүн конфискациялана турган мүлкү 1,8 млрд сомдон ашаары кабарланган.

Ал суммага Шадиев менен анын жубайынын банктык эсептериндеги акча, машина, «Ала-Арча» турак комплексиндеги эки жер үй, «Ала-Арча» соода оюн-зоок борбору, «Карвен четыре сезонанын» 33,33% уставдык капиталы, «Карвен Групптун» 50% уставдык капиталы жана башка мүлктөр кирген.

«Кызмат абалынан кыянат пайдаланганы» үчүн Шадиевге тагылган биринчи кылмыш иши 2018-жылы жайында козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Шадиев кызмат абалынан пайдаланып Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң АКШ долларын өзүнө ыйгарып алган.

Шадиев 2018-жылдын апрелинде бул иш боюнча «адилеттүү жана калыс иликтөөнү» камсыздаш үчүн биринчи вице-премьер-министрлик кызматтан кеткен. Ал Кыргызстандын тарыхында бир эле учурда парламенттин депутатты жана өкмөт мүчөсү кызматтарында иштеген алгачкы аткаминер болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алгачкы иштин козголушуна бир күн калганда Шадиев Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан кийин Москва аркылуу АКШга учуп кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевге издөөгө жарыялаган.

2020-жылы ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов АКШнын тийиштүү кызматтары менен иштер жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ошондой эле, Аскаровдун ишин тергеген тергөөчүлөр АКШга бармактыгын айткан. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу сапар башка убакытка жылган.

Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов

ТЕМА БОЮНЧА

Шадиевдин үстүнөн экинчи кылмыш иши козголду

Күндүн саны: Аскарбек Шадиевдин канча мүлкү конфискацияланат?

Пандемия «Шадиевдин иши» боюнча тергөөчүлөрдүн АКШга сапарын токтотту — Жамшитов