Пандемия «Шадиевдин иши» боюнча тергөөчүлөрдүн АКШга сапарын токтотту — Жамшитов

Парламенттин отурумунда «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Абдыбек Дүйшалиев мурда соттолуп, учурда качууда жүргөн саясатчы Аскарбек Шадиев тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттын айтымында, ал азыр болжол менен Америка Кошмо Штаттарында жүрөт.

«Бул бүт кыргыз элине маалым болгон, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы жумушту баштаганда эле Аскарбек Шадиев качып кеткен. [...] Ага иш козголуп, азыркы учурда иши сотко өттү деди эле да. Сотто азыр каралып жаткан ишер боюнча маалымат берип коёсузбу?» — деп суроо салды Дүйшалиев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суроосуна Шадиевге 2018-жылы издөө жарыяланып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылганын айтты. Ал эми «Мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

«Бизде бүгүнкү күндө АКШдагы тийиштүү кызматтар менен аракеттер жүргүзүлүп жатат. Ал боюнча быйыл биздин тийиштүү тергөөчүлөр барып келмек болгон, бирок жагдайга жараша башка убакытка жылып калды», — деди Жамшитов.

Шадиевдин иши

Экс-депутат жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.

АКИpress маалымат агенттиги саясатчыдан жана анын үй-бүлөсүнөн конфискациялана турган мүлктүн жалпы баасы 1,8 млрд сомдон ашаарын кабарлаган.

Ал суммага Шадиев менен анын жубайынын банктык эсептериндеги акча, машина, «Ала-Арча» турак комплексиндеги эки жер үй, «Ала-Арча» соода-оюн зоок борбору, «Карвен четыре сезонанын» 33,33% уставдык капиталы, «Карвен Групптун» 50% уставдык капиталы жана башка мүлктөр кирген.

«Кызмат абалынан кыянат пайдаланганы» үчүн Шадиевге тагылган биринчи кылмыш иши 2018-жылы жайында козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Шадиев кызмат абалынан пайдаланып Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң АКШ долларын өзүнө ыйгарып алган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алгачкы иштин козголушуна бир күн калганда Шадиев Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, ал жактан АКШга учуп кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Аскарбек Шадиевди издөөгө жарыялаган. Бир ай өткөндөн кийин саясатчыга карата чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн кылмыш иши козголгон.