Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева өзүн милиционер деп тааныштырган белгисиз эркек киши ал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн фейсбук барагында жазды.
«Жолдошума бир киши телефон чалып, өзүн Бишкек ШИИБинин ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган. Ал менин күйөөмө телефон чалып жатканын билген эмес окшойт (жолдошум подъезддин чоңу). Качкынбаев Сания Токтогазиеваны издеп жүргөнүн айтып, мен кайсы батирде жашап жатканымды билип берүүнү сураган, ошондой эле ал бир сааттын ичинде келерин билдирип, күйөөмө эч кимге эч нерсе айтпа деген», — деп жазды ал.
Телефон чалган адам келгенде Токтогазиеванын күйөөсү анын иш аракетин жаздырып алуу максатында камерасын күйгүзгөн.
«Жолукканда эле Качкынбаев бир нерсени сезгендей башка темада сүйлөй баштаган. Таптакыр башка ойдон чыгарылган окуяны айтып, сакалчан эки кызды издеп жүргөнүн билдирген. Жолдошум ага Сания Токтогазиеваны издеп жүрбөдүңүз беле деп айтса, эч качан антип айткан эмесмин деп жооп берген», — дейт ал.
Белгисиз адам өз документтерин көрсөткөн эмес, ал эми андан документтерди көрсөтүүнү суранышканда, ал кетип калган. Анткен менен юрист айымда сүйлөшүүлөрдүн аудио жана видео жазмалары сакталып калган. Ал адам Токтогазиеваны эмне себептен издеп барганы да белгисиз.
Кийинчерээк, Токтогазиева милицияга кайрылганын журналисттерге билдирди. Ал арызга бардык далилдерди — сүрөт, видео жана телефондук сүйлөшүүнүн жазмасын тиркеген.
Сания Токтогазиева деген ким?
Сания Токтогазиева — конституциялык укук боюнча адис, Кыргызстан юристтеринин коомчулугунун өкүлү. Октябрдагы окуялардан соң, Садыр Жапаров менен мөөнөтү өтүп кеткен парламенттин алтынчы чакырылышы конституциялык реформаны демилгелегенден кийин Токтогазиева аны мыйзамсыз жана легитимдүү эмес деп атап, ага каршы ачык чыга баштаган.
Токтогазиеванын пикиринде, президенттин м.а. Талант Мамытовдун конституциялык реформаны демилгелөөгө жана Конституциялык кеңешме түзүүгө эч кандай укугу жок болчу, ошондой эле Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарына дагы референдум өткөрүү сунушун киргизүүгө мыйзам жол бербейт. Ушул себептен Токтогазиева Конституцияга түзөтүү киргизип жаткан Конституциялык кеңешменин курамына кирүүдөн баш тарткан.
Ошондой эле, Токтогазиева Жогорку соттун Конституциялык палатасын сынга алып, алар «тарыхый миссиясын аткара алышкан жок, ошондой эле биринчи жолу чыныгы көз карандысыз сот бийлигин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок» деп билдирген.
Конституциялык палата алтынчы чакырылыштын депутаттары парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу мыйзамды коомдук талкууга койбостон, дароо үч окууда тең кабыл алууга укуктуу экенин тааныган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин депутаттар Садыр Жапаров өз тарапташтарына убадалаган Конституциянын жаны долбоорун коомдук талкууга коюшкан.
Мындан тышкары, Токтогазиева жакында эле кесиптештери менен биргеликте Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жана коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыккан.
Ал кыргызстандыктарга көп нерсени айтпай жатышат деген билдирүү жасаган. Анын айтымында, «демократиялык өзгөрүүлөр» деген шылтоо менен өлкөнү башка өзгөрүүлөр күтүүдө — ал суперпрезиденттик башкаруу. Мындан тышкары, ал Конституциялык кеңешме оңдоп чыккан мыйзам долбоорунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда болгон Конституциянын издери бар экенин аныктаган.