«Билинбей жарылчу бомба». Конституциянын долбоорундагы коркунучтар айтылды

Кыргызстандын юристтер жамаатынын өкүлдөрү брифинг өткөрүп, 9-февралда коомдук талкууга коюлган, төрт ай аралыгында экинчи жолу сунушталып жаткан Конституциянын тобокелчиликтери менен көйгөйлөрүн талкуулашты. Ал өлкөнүн баш мыйзамынын айланасындагы окуялардын республиканын эл аралык аренадагы имиджине жана өлкө ичиндеги туруктуулукка тийгизген таасирине тынчсызданып жатышат.

Полиция жана суперпрезиденттик мамлекет

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, Конституциянын ушул версиясы боюнча, мыйзам долбоорлорун президент, Башкы прокуратура, Жогорку сот жана Элдик Курултай демилгей алат — бул тобокелдиктердин бири, анткени ал «полициялык мамлекетке» алып барат.

«Биз Орусия Федерациясынын моделине, [...] полициялык мамлекетке жакындап баратабыз. [...] Бул социалдык-экономикалык кырдаалга жакшы таасир этпейт. Албетте, биз муну дароо аңдап түшүнө албайбыз, бирок жарым жыл, бир жылдан кийин чаралар күчөйт. Полициялык мамлекет — бул өтө начар көрсөткүч», — деп билдирди ал.

Ал эми конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиеванын пикири боюнча, кыргызстандыктарга көп нерсе айтпай жатышат. Конституциянын жаңы версиясы боюнча, «демократиялык өзгөрүүлөр» деген шылтоо менен өлкөнү башка өзгөрүүлөр күтүүдө — ал суперпрезиденттик башкаруу.

«Азыр ажыдаар бар, аны демократиялык президенттик башкаруу формасы деген чык менен берип жатышат. Чындыгында бул суперпрезиденттик башкаруу формасы, анда бийликтин борборлоштурулган вертикалы бар, манипуляция жана популизм болуп жатат. Конституциянын авторлору менен кеңешменин мүчөлөрү ал чынында эмне жөнүндө экенин коомчулукка толук айтпай жатышат. Ал жакта белгилүү убакыт өткөндө жарылуучу бомба катылган. Эң башкысы — күчтөрдүн жана токтото туруу менен тең салмактуулук системасынын балансы жок. Токтото туруу жана тең салмактуулук системасы жок Конституцияда жарандардын укуктары жана эркиндиги сакталбайт жана кепилденбейт», — деп жыйынтыктады ал.

Токтогазиева Конституциянын ушундай суперпрезиденттик версиясы боюнча президент кайрадан референдум чакырып, дайындай аларын эскертти — мындай укук мурдагы эки президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевде болгон.

«Президент мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизип, өкмөттүн түзүмүн аныктайт. Эң башкысы, ал Конституциялык жана Жогорку соттордун, Улуттук банктын, Эсеп палатасынын төрагаларын, башкы прокурорду жана БШКнын жарымын дайындайт. Аны менен бирге импичмент процедурасы татаалдашты: эми, президентке импичмент жарыялоо үчүн Башкы прокуратуранын гана эмес, Конституциялык соттун дагы корутундусун алыш керек болот. Башкы прокурор менен Конституциялык соттун төрагасын президент дайындарын эске алсак, анда логикалык жактан импичмент процедурасы ишке ашат деп кантип айта алабыз? Биздин тарыхыбызда бир дагы президент мындай процедурага кабылган эмес, азыр ого бетер кабылбайт», — деп белгиледи ал.

Балдарга карата камкордуктун артындагы цензура

Юрист Азим Жээнбаев мыйзам долбоорунун 10-беренесинде Кыргызстанда цензурага тыюу салынат деп айтылган жеринде цензуранын белгилерин тапкан.Ошол эле учурда кийинки пункт менен өлкөдө «Кыргызстандын элинин адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш чараларга жана маалыматтарга чектөө коюлушу мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Бул «өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында» деп айтылганы менен, эмне чектелет жана кандай критерийлер менен экендиги айтылган эмес. Көрсөтүлгөн терминдер дагы чечмеленген эмес.

«Бул норма ассоциациялардын, тынчтык чогулуштарынын, сөз эркиндигин жана маалымат алуу укугун чектейт. Юридикалык тактыкты талап кылган суроо жаралат: “адеп-ахлактык баалулуктарга карама-каршы келген иш чараларды” жана “республиканын элинин коомдук аң сезимин” кантип аныктайбыз?» — деп айран таң калган ал.

Анын айтымында, бийлик бул беренени расмий цензура үчүн дагы, жарандардын оозун жабуу үчүн дагы колдонушу мүмкүн.

«10-берене өз пикирин билдирүү эркиндигин чектөөнүн белгилүү, салтка айланган мисалы. Эл аралык укуктарда бул өзүн өзү сындоого алып келген биздин мыйзамдуу укуктарыбыздын ишке ашуусу үчүн жазалоонун каалагандай түрү. Кайсы баалуулуктар чындыгында эле Кыргызстан элинин коомдук аң сезимине жана моралына шайкеш келе турганы жөнүндөгү маселени кеңири түшүндүрүүгө болот — берене толук кандуу, так аныкталган эмес», — деп белгилейт ал.

Бул бүдөмүктөр жана так аныктамалардын жоктугу кыянат пайдаланууга жол ачат.

«Так аныктамасы жок адеп-ахлактык баалулуктардын негизинде цензурага алуу кабыл алынгыс, анткени маданият бирдиктүү деген жаңылыш түшүнүккө негизделген. Кыргызстанда ар кыл көз караштагы жана түшүнүктөгү, ар башка диний ишенимдеги адамдар жашайт, бирок алардын баарында Конституцияда жазылган бирдей укуктук түзүмү болушу керек», — деп эскертет Жээнбаев.

Фашизм жана президентке карата бомба тууралуу

Адвокат Нурбек Токтакунов баш мыйзамдын ушул версиясын «фашисттик» деп тапкан, анткени анда адам укуктары улуттун укуктарынан төмөн коюлган.

«Бул монархиялык жана фашисттик Конституциянын долбоору. Бул жада калса, де-юре кандайдыр бир тең салмактуулук сакталган латынамерикалык модель дагы эмес, бирок де-факто президент көзөмөлдөө жана күч түзүмдөрүнүн жардамы менен үстөмдүк жүргүзөт. Бизде де-юре дагы президент башкарат, анткени парламент жөн гана кол бала, ал эми соттор — таптакыр эч ким эмес. Эмнеге фашисттик? Анткени, адам укуктарынын ордуна кандайдыр бир руханий баалуулуктар, улуттун укугу жана улуттук руханий баалуулуктар тууралуу сөз болсо — бул ар дайым фашизм», — деп белгилейт ал.

Токтакуновдун айтымында, Конституциянын бул долбоору ишке аша турган болсо, акыр аягы анын зарылдыгын сүрөмөлөгөн адамдын өзүн — Садыр Жапаровду «жок кылат» .

«Анткени салыштырмалуу туруктуулукта 90 депутаттан импичмент болушу мүмкүн эмес. Бирок кыйчалыш абалда, депутаттар куйкумдун жытын сезип калышса, кандайдыр бир күчтөр оңой эле депутаттардын жардамы менен Садыр Жапаровдун өзүнө импичмент жарыялап коюшу мүмкүн. Баарын силкип салууга 60 гана депутат жетиштүү болот. Алгач импичмент болот, андан кийин биз кайра баягы боткону артабыз. Андыктан бул биринчи кезекте Садыр Жапаровдун өзүнө кооптуу», — деп жыйынтыктаган Токтакунов.

Жыйынтыктоочу документ өлкө үчүн гана эмес, аны түзүүнү демилгелеген президент Садыр Жапаров үчүн дагы коркунучтуу болуп калганын Динара Ошурахунова дагы айткан. Укук коргоочунун пикиринде, долбоор анын негизги убадаларын — коррупция менен күрөшүү жана жаңы Конституция эл үчүн жазылып, элге бийлик берилет дегенди чагылдырбайт.

«Биз Конституция элдин, жарандардын, парламенттин жана саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн эмес, жыйналышка чогулуп алып өз амбицияларын ишке ашырган адамдардын тобунун кызыкчылыгына жазылганын көрдүк. Ал керек болсо Садыр Жапаровдун дагы кызыкчылыгын көздөбөйт», — деп эсептейт ал.

Шашылыш кабыл алынган чечимдер боюнча

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева баш мыйзамдын орусчасы менен кыргызча варианты дал келбегенин белгиледи. Белгилей кетсек, кыргыз тилиндеги вариантына артыкчылык берилет.

Эки версияны окшош гана кылбастан, андагы орфографиялык каталарды оңдоп, мыйзамдык оош-кыйыштарын жана кыянат пайдаланууга жол берүүчү жылчыктарын, адам укуктарынын базалык принциптерин бузуучу жагдайларын жоюш керек. Учурда колдонулуп жаткан Конституцияга киргизүү сунушталган 80 түзөтүүнүн 60ында «тобокелчиликтер бар жана оңдоого муктаж». Мындай документти 12-апрелде, жергиликтүү кеңешти шайлоолор менен бир күндө референдумга алып чыгуу юристтердин пикиринде өтө кооптуу.

«Андыктан биз депутаттарды шашылыш чечим чыгарбоого жана конституциялык референдум өтчү күндү 2021-жылдын 12-апрелине белгилебөөгө чакырабыз. Анткени коомдук талкуу өтүшү керек. Конституциянын кандайча жазылганын эске алсак, кыйла тобокелчиликтер камтылган долбоорду жарыялап жана бекитип жетишпей каласыңар», — деп үндөйт ал.

Ошондой эле, Эргешбаева бийликти Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккандардын баары «эл душманы» деген риторикадан баш тартууга чакырды. Ал бийлик өкүлдөрүн «жаратмандык ролду» үйрөнүп, жалпы коом менен иштөөгө чакырды.

Номер экинчи Конституция

9-февралдагы Конституциянын долбоору — октябрь окуяларынан кийин бийликке Садыр Жапаров келгенден бери сунушталган экинчи долбоор. Биринчи версия 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган, бирок дароо эле сындалып, «Ханституция» деген аталышка ээ болгон, анткени президентке чексиз бийлик берилген болчу.

Андан соң президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, анын курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү — Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилери, ошондой эле манас таануу, кыргыздардын салттуу билими жана руханий дүйнөсү жаатындагы адистер. Кеңешменин легитимдүүлүгүнөн бир катар юристтер күмөн санашкан, бирок алар ишин улантып, жаңы долбоор иштеп чыгышты.

Долбоор 9-февралда парламенттин сайтында жарыяланган. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин парламент караганга чейин коомдук талкууга коюлган.

Бирок бул версияда дагы бир катар так эместиктер, укуктук кагылышуулар жана адам укуктарын бузган учурлар бар. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду анализдеп, ал парламенттин кароосуна коюу үчүн өтө эле чийки жана кайра кароого муктаж деп баалашкан. Кыргызстандын юристтер жамааты сыяктуу эле, алар кайрадан дыкат карап чыгууну жана текстти текшерүүнү, аны дүйнөлүк укуктук стандарттарга жана эл аралык макулдашууларга ылайыктап иштеп чыгууну сунушташкан.

Ошондой эле, «Бир Дүйнө» укук коргоо уюму 15-февралда парламенттин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жарыялады. Анда укук коргоочулар кеңешменин мүчөлөрү жана «радикалдуу топтордун өкүлдөрү» долбоорго одоно жана демократияга каршы келген беренелерди кошумчалаганын билдиришкен.

Кайрылууда укук коргоочулар Мамытовду Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда шашылбай, «ийгиликтүү өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасындагы жаңы Конституция кабыл алуу принциптерин эске алууга» чакырышкан.