Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева «Настоящее Время» телеканалына Конституциялык палатанын парламенттик шайлоону жылдыруу жана конституциялык реформа жүргүзүү мыйзамы боюнча кабыл алган чечимин сынга алды. Палата аталган мыйзам Конституцияга каршы келбейт, ал эми депутаттар аны коомдук талкуудан өткөрбөстөн эле дароо үч окуудан кабыл алууга акысы бар деген бүтүм чыгарган болчу.
Мыйзамды кабыл алуу алтынчы чакырылыштын депутаттары өз ыйгарым укуктарын белгисиз мөөнөткө узартып, ошондой эле коомдук талкууга Конституциянын жаңы долбоорун алып чыгууларына алып келген.
Ынанымсыз жүйөөлөр
Токтогазиеванын айтымында, Конституциялык палатанын чечим кабыл алып жаткандагы жүйөөлөрү «такыр ынанымсыз» болгон. Палата Кыргызстанда коронавирустун пандемиясынан улам 22-мартта киргизилип күчүндө болуп жаткан өзгөчө кырдаал режими парламенттин мыйзамды кабыл алганын актайт деп эсептеген. Ал эми Токтогазиева бул жүйөөнү «түшүнүктөрдү алмаштыруу» деп атады.
«Эгерде кабыл алынган мыйзам өзгөчө кырдаалды пайда кылган себептерди жоюуга багытталса, анда ал регламентке ылайык, өзгөчө режим учурунда кабыл алынса болмок. Канткенде конституциянын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарын токтотуу өзгөчө кырдаалдын себептерин жок кылат?» — деп кызыкты ал.
Депутаттардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн Конституциялык палата келтирген экинчи аргумент — бул массалык башаламандыктар менен аяктаган 5-октябрдагы окуялар. Бирок Токтогазиеванын айтымында, башаламандыктардын келип чыгышына шайлоодо укуктардын жана эркиндиктин бузулушу себеп болгон.
«Укуктарыбыз бузулган болчу, ал эми кырдаалды турукташтыруу парламенттик кайра шайлоону дайындоо аркылуу укуктарыбыз калыбына келтирилмек. Бирок, талашка түшкөн мыйзам социалдык-саясий кризисти туруктуу кылууга багытталган эмес. Ал шайлоо процессин токтотуп, тескерисинче кылды», — деди ал.
Укугу чектелген укук
Шайлоону токтотуудан улам кыргызстандыктардын добуш берүү укугу бузулгандыгы көрсөтүлгөн арыздын дагы бир пунктту суроо жаратат. Аталган маселе пропорционалдык баалоодон өткөн эмес.
«Арыздануучулар алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын узартылышына жана ЖКнын иштөө мөөнөтү аргасыздан узартылса, анда анын ыйгарымдарынын көлөмү кандай [болушу мүмкүн] экенине даттанышкан. Палата болсо парламент социалдык-саясий кырдаалды турукташтыруу максатында кечиктирилгис мүнөздөгү, өзгөчө зарылчылыктан келип чыккан чечимдерди кабыл ала алат деп эсептеди», — деп белгиледи Токтогазиева.
Бирок ал жерде кризистен улам узагыраак иштөөгө аргасыз болгон парламенттин кандай ыйгарым укуктары болору жана Конституциялык реформа менен алек болууга укугу бар же жок экендигин ошол бойдон эч ким түшүндүрүп берген эмес.
«Алар мындай кадамы менен ыйгарым укуктарын узарткан парламенттин конституциялык реформа жүргүзүү сыяктуу ыкчам чараларды колдонууга укугу жок экендиги так жана даана жазылган Венеция комиссиясынын корутундусун тоготушкан жок», — деген бүтүмгө келген Токтогазиева.
Юристтин айтымында, Конституциялык палата өз чечими менен сот бийлиги көз каранды экенин көрсөттү.
«Конституциялык палатада тарыхый миссия бар эле, ошондой эле биринчи жолу чыныгы көз карандысыз сот бийлигин ишке ашыруу жана бул окуяларга чыныгы укуктук баа берүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Менимче, алар бул миссияны уратышты. Эртели-кеч тарых бул окуяларга өз баасын берет, анын ичинде Конституциялык палатанын чечимине дагы», — деп жыйынтыктады сөзүн Токтогазиева.
Конституциялык реформа
Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып эле конституциялык реформа керек деп айта баштаган. Реформа жүргүзүү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган.
Жапаров Кыргызстан башкаруу формасы президенттик болгон өлкөгө айланышы керек деп эсептейт. Парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, аны менен бирге Конституциянын жаңы долбоору талкуулана баштаган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган.
Бирок юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.
Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал ошол эле күнү юристтердин, активисттедин жана бир катар депутаттардын сынына кабылган. Мындан тышкары, Конституциянын жаңы долбоорунун автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.
Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына кайтуу деп аташкан. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган.
Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга маек куруп, долбоорду иштеп чыгууга катышканын мойнуна алган.
«Мен ага болгону экси сунуш киргиздим: президенттин жана өкмөттүн ыйгарымдарын бириктирүү, ошондой эле элдик курултай жөнүндө», — деген Жапаров.
Ошондой эле ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду жылдырууга каршы эместигин айткан. Ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Конституциянын жаңы долбоорунун үстүнөн иштөөдө шашылбай, талкууга бир-эки ай убакыт кетирүүгө чакырган.
Ошол эле учурда ал 2021-жылдын 10-январында референдумга эки маселени алып чыгууну сунуштаган. Биринчиси — Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо, ал эми экинчиси парламент кандай түзүлүшү керектиги тууралуу маселе.