Бекешев менен Токтогазиева Конституциялык кеңешмеге катышуудан баш тартышты

Конституциялык укук боюнча эксперт жана юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиева менен депутат Дастан Бекешев Конституциялык кеңешменин башчысы Бекбосун Бөрүбашевдин Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого катышууга чакыруусунан баш тартышты. Алар кеңешме легитимсиз, мүчөлөрү болсо алардын сунуштарын эске алууну көздөбөйт деп эсептешет.

«Конституциялык кеңешмени имитациялоо»

Сания Токтогазиева Конституциялык кеңешменин (КК) иштөө форматы мындай кеңешменин принциптерине туура келбейт деп эсептейт. Анын айтымында, негизсиз шашылуу болуп жатат.

«Конституциялык кеңешме постфактум түзүлгөн жана ал даяр документ боюнча иштеп, аны оңдоо гана кылып жатат. ККнын мүчөлөрү, өзгөчө юристтер кеңешменин иштөө форматынын фундаменталдык жана процессуалдык учурларын атайын коё берип, аны талкуулабай жатышат», — деп эсептейт ал.

Токтогазиева президенттин милдетин аткаруучу да конституциялык реформа жүргүзүүнү демилгелеп, Конституциялык кеңешме чакыртууга, ал эми парламенттин референдум өткөрүүгө эч кандай укугу жок деп эсептейт.

«Жогоруда айтылгандын бардыгы, мунун баары максаты алдын ала коюлган жөн гана Конституциялык кеңешмени (КК) имитациялоо экенин көрсөтүп турат. Биз, юристтер, жогоруда аталган суроолорду бир нече жолу брифингдер аркылуу ККнын мүчөлөрүнө жолдогон элек, негизинен кеңешменин өзүнүн мыйзамдуулугу жана иш форматы тууралуу. Биз бул суроолорго эч кандай бир жооп ала албадык», — деп белгилейт ал.

Токтогазиева «Конституциялык кеңеш сымал жыйынга катышып, мыйзамсыз конституциялык реформаны легитимдештирүүнүн» кажети жок деп баса белгиледи.

«Атаандаштарын угуу ниеттери жок»

Алтынчы чакырылыштын депутаты Дастан Бекешев телеграм каналында билдиргендей, анда Конституциянын жаңы редакциясынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир нече сунуштар бар. Бирок Бекешев сунуштары кулак тышында калат деп эсептейт.

«Сунуштар четке кагылат, болгондо да бир добуштан. Эгерде мен сунуш келтирсем, мага кийин: «сен келдиң, сунуш келтирдиң. Демек бул орган менен эсептештиң, ал юридикалык жактан бар, демек сен бул органды тааныдың» деп айтышат. Анан президенттик же парламенттик башкарууну тандоо тууралуу референдум болоорун же Садыр Жапаровдун каалоосу ишке аша турганын түшүнүп тургандан кийин, сунуш берүүнүн кандай зарылчылыгы бар. Эми тамгаларды ары-бери жылдырасың, билбейм бул канчалык маанилүү?», — деди Бекешев.

«Сунуштарга ачыкпыз»

25-ноябрда Бекбосун Бөрүбашов 24.kgге курган маегинде ККнын курамын түзбөгөнүн, болгону мүчөлөрүн гана сунуштаганын айткан. Анын айтымында, кеңешменин курамында 40 чакты окумуштуу бар. Алардын ичинен 18и — илим кандиттары жана докторлору. Көпчүлүгү — юристтер, бирок экономисттер, социологдор, физиктер жана математиктер да бар.

Бирок Бөрүбашов Конституциялык кеңешмеге кантип жалаң эле Конституциянын версиясын алмаштырууну колдогондор чогулуп калган деген суроого түз жооп берген жок. Бирок ал кеңешмеде атаандаштарды да көрүүгө макул экендерин, анткени «талкуу жана сунуштарга ачык» экенин белгиледи.

Ал Конституциянын жаңы долбоорунун бир нече сынчыларын, анын ичинде экс-президент Роза Отунбаеваны, Сания Токтогазиеваны жана алтынчы чакырылыштын депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Каныбек Иманалиевди, Дастан Бекешевди жана калгандарын ККнын отурумуна келип, өз пикирин билдирүүгө чакырды.

«Ханституция»

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актаган. Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.

Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган. Бул учурдагы Конституцияны бузган.

Коомдук талкууга коюлган өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн президенттин м.а Талант Мамытов Конституциялык кеңешме чогулткан.

Конституциялык кеңешменин курамына 89 адам кирген. Алардын ичинен көбү Садыр Жапаровдун идеяларын түздөн-түз колдогон тарапташтары, Конституциянын жаңы версиясынын демилгечилери, андан тышкары, Манас таануу, кыргызстардын руханий жана салттык илим-билими боюнча адистер. Кеңешменин курамында долбоорго каршы болгон бир да оппонент жок.

22-ноябрда Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул эместердин тынчтык маршы өткөн. Маршка бир нече жүздөгөн адамдар катышкан — алар «ханституцияга жол бербейбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишкен. Ошондой эле, адам укугуна, сөз эркиндигине басым кылбоо, демократия жана парламентаризмге жол ачуу тууралуу талаптар болгон.

Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга маек куруп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду жылдырууга каршы эместигин айткан.

Ал Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн Конституциянын жаңы долбоорунун үстүнөн иштөөдө шашылбай, талкууга бир-эки ай убакыт кетирүүгө чакырган.

Ошол эле учурда ал 2021-жылдын 10-январында референдумга эки маселени алып чыгууну сунуштаган. Биринчиси — Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо, ал эми экинчиси парламент кандай түзүлүшү керектиги тууралуу маселе.

Ал эми референдумдун өзүн парламент депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен катар бир күндө өткөрүүнү сунушташкан.

Юрист Сания Токтогазиева Жапаровдун сунушун сынга алып, азыркы бийлик «дайыма тактикасын алмаштарып, кырдаалга жараша аракет жасайт» деп билдирген.

Ал референдумдун темасын өзгөтүү тууралуу сунуш дагы мыйзасыз экенин белгилеген, анткени «парламенттин 6-чакырылышы муну кылууга укугу жок».